17-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 2-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 декабря 2011 года № 257
жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонулуу мөөнөтүн токтотуу жана чакыртып алуу
1. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактын ушул главада камтылган талаптарды жана шарттарды, чоң зыян алып келбеген бир жолку бузуусу, аткарбаганы үчүн ушул жак жазуу жүзүндө эскертилүүгө тийиш.
2. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык жазуу жүзүндө эскертилген жак тарабынан ушул Кодекстин талаптары аткарылбаган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактын иштери 3 айлык мөөнөткө чейин токтотулат.
Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимдин колдонулушу анын колдонулушун токтотуу үчүн негиз болгон себептер жоюлгандан кийин кайра жаңыртылат. Чечимдин колдонулушу токтотулган мезгилде:
- товарларды убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, алымсыз соода дүкөнүнө жайгаштырууга жол берилбейт;
- бажы органынын уруксаты менен товарлардын сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон операцияларды кошпогондо, убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына, алымсыз соода дүкөнүнө жайгаштырылган товарлар менен кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө жол берилбейт;
- бажы кампасындагы жана алымсыз соода дүкөнүндөгү товарларды сатууга тыюу салынат.
3. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечим төмөнкү учурларда ыйгарым укуктуу орган тарабынан чакыртып алынышы мүмкүн:
1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштурууда:
- кампанын ээси бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп жолу администрациялык укук бузуу жасаганда;
- соттун чечими боюнча;
- кампанын ээси кудуретсиз (банкрот) деп таанылса же ал өзүн банкрот деп жарыяланганда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жак кайрадан уюштурулганда;
- бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү чечимин чакыртып алуу тууралуу кампанын ээсинин арызы боюнча;
2) бажы брокери катары иштерди жүзөгө ашырууда:
- эгер мурда ага карата ушул статьянын 1 жана 2-пункттарына ылайык чаралар колдонулса, бажы брокеринин милдеттерин аткарбаганда;
- эгер мурда ага карата ушул статьянын 1 жана 2-пункттарына ылайык чаралар колдонулса, бажы брокери тарабынан бажы жол-жоболору жүргүзгөн товарларды эсепке алуу тартиби бузулганда;
- бажы брокери тарабынан бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп администрациялык укук бузуулар жасалганда;
- соттун чечими боюнча;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жак кайрадан уюштурулганда;
- бажы айланасында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү чечимин чакыртып алуу тууралуу бажы брокеринин арызы боюнча;
- анын бар экени мыйзам менен белгилеген тартипте далилденсе өкүлү болгон жактарга зыян келтирилгенде, анын ичинде коммерциялык жашыруун сырды түзгөн же купуя маалымат болуп саналган маалыматтарды мыйзамсыз пайдалануунун натыйжасында зыян келтирилгенде;
- бажы брокери кудуретсиз (банкрот) деп таанылганда же ал өзүн банкрот деп жарыялаганда;
- квалификациялык күбөлүгү жок адистин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланганда, анын ичинде, эгер анын мөөнөтү аяктаганына, соттун актысынын негизинде мындай иш жүргүзүү укугунан ажыраганына байланыштуу квалификациялык күбөлүк чакыртылып алынганда же анын колдонулуусу токтотулганда;
3) алымсыз соода дүкөнүн уюштурууда:
- алымсыз соода дүкөнүнүн ээси бажы иши чөйрөсүндө эки же андан көп администрациялык укук бузууларды жасаганда;
- соттун чечими боюнча;
- алымсыз соода дүкөнүнүн ээси кудуретсиз (банкрот) деп табылганда же ал өзүн банкрот деп жарыялаганда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жак кайрадан уюштурулганда;
- алымсыз соода дүкөнүнүн ээсинин бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимин чакыртып алуу тууралуу арызы боюнча.
4. Чакыртып алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алган күндөн тартып колдонулат.
Чакыртып алуу тууралуу чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, ага карата ушундай чечим кабыл алынган жакка ушундай чечимдин негиздүү жүйөөлөрү менен, ал кабыл алынган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө жеткирилет. Көрсөтүлгөн чечим жактын жетекчисине же башка өкүлүнө тилкат алуу же бул чечимди алган фактысын жана күнүн ырастаган башка ыкма менен тапшырылат. Эгер көрсөтүлгөн жактар көрсөтүлгөн чечимди алуудан качса, тапшырык кат боюнча почта аркылуу жөнөтүлөт. Чакыртып алуу тууралуу чечим менен жакты кабарлаган күн катары почта кызматы тапшырык катты тапшырган күн эсептелет.
5. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү тууралуу кайталанган арыз аны чакыртып алуу үчүн негиз болгон себептер жоюлган шартта, чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн бир жыл өткөндөн кийин каралышы мүмкүн.
(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- "Нарын" эркин экономикалык зонасында товарларды өткөрүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 149 токтомуна)Порядок · 22.03.2023 · № 149
- "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА БАЖЫЛЫК ЖӨНГӨ САЛУУ ЖӨНҮНДӨ" (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 29-августундагы № 498 токтому менен жактырылды)Проект · 29.08.2014 · № 498 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 31.12.2014 · № 184 · Күчүн жоготкон
- Инструкция по контролю за исчислением и уплатой таможенных платежей и налогов (Утвержденная постановлением Правительства КР от 11 марта 2002 года № 128)Инструкция · 11.03.2002 · № 128 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 137 "Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына…Постановление · 14.03.2018 · № 137 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-17" title="17-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>