# 168-статья. Товарларды бажы режиминин алдына коюу шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-168>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-168.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 168-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-168

---

1. Товарларды жок кылуу бажы режиминин алдына коюуга ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган менен, ал эми эгерде ыйгарым укук берилген мамлекеттик органы жок кылуу айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтириши мүмкүн же адамдардын өмүрүнө жана ден соолугу үчүн түздөн-түз жана олуттуу коркунуч келтирет деп эсептөөгө негиз тапса - айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик аймактык органдардын уруксаты менен жол берилет.

2. Жок кылуу бажы режиминин алдына төмөнкүлөрдү коюуга жол берилбейт:

1) маданият баалуулуктарын;

2) жок болуп кетүү коркунучу алдыда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн, эпидемияны болтурбоо максатында жок кылуу талап кылынгандан тышкары учурларда алардын бөлүктөрүн жана дериваттарын;

3) бажы органдары тарабынан күрөө предмети катары кабыл алынган товарлар күрөө мамилелери бүткөнгө чейин;

4) алынып коюлган товарлар же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камакка алынган товарлар.

3. Жок кылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн кандайдыр бир чыгашаларга алып келбөөгө тийиш.

4. Эгерде жок кылына турган товарлар экономикалык жактан пайдалуу ыкма менен баштапкы абалында калыбына келтирилиши мүмкүн болбосо жок кылууга жол берилет.

5. Бажы кампаларында сакталып турган товарларга карата жок кылуу бажы режимине бажы кампасынын ээсинин арызы берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [167-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-167)  
Кийинки берене: [169-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-169)
