# 158-статья. Реэкспортто бажы алымдарын, салыктарды колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-158>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 158-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-158

---

1. Реэкспортто ташып келүү бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн бошотулат же төлөнгөн суммаларды кайра кайтарылат, эгерде мындай бошотуу же кайра кайтаруу товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына коюуга негиз болгон белгилүү бажы режиминин шарттарында каралган болсо.

2. Түздөн-түз жана жалаң гана реэкспорт үчүн арналган товар катары билдирилген товарларга карата бажы алымдары жана салыктары төлөнбөйт. Товарларды ушул Кодекстин 157-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде иш жүзүндө ташып кетүү жүргүзүлбөсө, болбосо товарларды пайдаланууда, анын ичинде киреше алуу максаттарында пайдаланууда, эгерде товарларды ташып келүүдө эркин жүгүртүү үчүн чыгарууга арыз берилгенде төлөнө турган бажы алымдарынын, салыктарынын суммасы, ошондой эле, эгерде аталган суммаларга карата товарларды реэкспорттук бажы режиминин алдына коюуда төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылганда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу ченемдери боюнча алардан алынган пайыз төлөнөт.

---

Мурунку берене: [157-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-157)  
Кийинки берене: [159-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-159)
