# 157-статья. Товарларды бажы режиминин алдына коюу шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-157>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-157.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 157-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-157

---

1. Реэкспорттук бажы режиминин алдына чет өлкөлүк товарлар коюлат.

Эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган товарлар ушул Кодекстин 159-статьясында каралган шарттарды сактоо менен реэкспорттук бажы режиминин алдына коюлушу мүмкүн.

2. Мурда башка бажы режими боюнча жайгаштырылган товарлар мындай бажы режиминин колдонулушун ушул Кодексте белгиленген тартипте аяктоо максатында Реэкспорт бажы режими боюнча жайгаштырылышы мүмкүн.

3. Реэкспорттук бажы режиминин алдына, эгерде алар түздүн-түз жана жалаң гана реэкспорт үчүн арналган товар катары бажы органында декларацияланган болсо, Кыргыз Республикасынын бажы аймагына аларды ташып келүүдө коюлушу мүмкүн. Түздөн-түз жана жалаң гана реэкспорт үчүн арналган товар катары билдирилген товарлар Бажы кампасынын бажы режимине ушул Кодекстин 92-статьясында каралган шарттарда жайгаштырылат. Мындай товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары иш жүзүндө ташып кетүү аларды реэкспорттук бажы режиминин алдына коюлган күндөн баштап алты айдан кечиктирилбестен жүргүзүлүүгө тийиш. Аталган товарларды пайдаланууга жана тескөөгө товарлардын сакталышын камсыз кылуу жана аларды талаптагыдай күтүү үчүн зарыл болгон операцияларды жүргүзүүдөн тышкары жол берилбейт.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [156-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-156)  
Кийинки берене: [158-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-158)
