# 152-статья. Бажы режимин аяктоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 20-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 152-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-152

---

1. Убактылуу ташылып кеткен товарлар убактылуу ташып кетүү мөөнөтү бүткөн күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын бажы аймагына кайра ташылып келүүгө (реимпорт) тийиш.

2. Таламдаш жак бажы органына кабарлоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык убактылуу ташылып кеткен товарлар милдеттүү түрдө кайра ташылып келүүгө тийиш болгондон тышкаркы учурларда, ушул Кодексте каралган бардык шарттар жана талаптар сакталганда убактылуу ташып кетүү бажы режимин башка бажы режимине өзгөртө алат.

3. Убактылуу ташылып кеткен товарларга менчик укугу чет өлкөлүк жакка берилген учурда убактылуу ташып кетүүнүн режимине товарды койгон жак ушул статьянын 2-пунктунда каралгандан тышкаркы учурларда убактылуу ташып кетүү бажы режимин экспорттук бажы режимине өзгөртүүгө милдеттүү.

4. Убактылуу ташып кетүү бажы режимин экспорттук бажы режимине өзгөртүүгө бажы органдарына товарларды иш жүзүндө көрсөтүүсүз эле жол берилет.

---

Мурунку берене: [151-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-151)  
Кийинки берене: [153-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-153)
