145-статья. Бажы алымдарын, салыктарын колдонуу
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 19-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 августа 2008 года № 196
1. Бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн толук убактылуу ташылып келинген эки жылдан ашкан товарларды толук шарттуу бошоткон учурда, ошондой эле убактылуу ташып келүү мөөнөтүнө чек коюуну кошкондо мындай бошотуу шарты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 963 "Убактылуу алынып келүүчү (алынып чыгуучу) товарларды бажы алымдарын жана cалыктарды төлөөдөн шарттуу түрдө толук бошотуунун учурларын жана шарттарын бекитүү жөнүндө" токтому
2. Башка учурларда бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн жарым-жартылай шарттуу бошотуу колдонулат. Бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн жарым-жартылай бошотууда товарлардын Кыргыз Республикасынын бажы аймагында турушунун ар бир толук жана толук эмес календардык айы үчүн төлөнө турган сумманын үч пайызы төлөнөт, эгерде эркин жүгүртүү үчүн товарлар чыгарылган болсо.
3. Жарым-жартылай шарттуу бошотууда төлөнө турган бажы алымдарынын, салыктарынын суммасын эсептөө чет өлкөлүк валютада жүргүзүлөт. Бажы алымдарынын, салыктарынын суммасы товарларды убактылуу ташып келүү бажы режиминин алдына коюуда же убактылуу, ташып келүү бажы режимине товарларды жайгаштырган жактын тандоосу боюнча мезгил-мезгили менен төлөнөт. Бажы алымдарынын, салыктарынын суммасын төлөөнүн мезгилдүүлүгү убактылуу ташып келүү режимине товарларды жайгаштырган жак тарабынан аныкталат. Мында бажы алымдарынын, салыктардын суммасын төлөөнүн так мөөнөтү ал суммалар тийиштүү мезгил өтө баштаганга чейин төлөнүүгө тийиш болгондугуна негизденүү менен аныкталат. Бажы алымдарынын, салыктарынын суммасын мезгил-мезгили менен төлөө максатында чет өлкөлүк валютаны Кыргыз Республикасынын валютасына кайра эсептөө төлөө күнү колдонулган Улуттук Банктын курсу боюнча жүргүзүлөт.
4. Бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн жарым-жартылай шарттуу бошотууда убактылуу ташып келүүдөн алына турган бажы алымдарынын, салыктарынын жалпы суммасы, товарларды убактылуу ташып келүү режиминин алдына коюуда төлөнүүгө тийиш болгон бажы алымдарынын, салыктарынын суммасынан ашпоого тийиш эгерде товарлар туумдарды, пайыздарды эсептебестен, эркин жүгүртүү үчүн чыгарылганда, ошондой эле чет өлкөлүк валютанын курсунун же бажы алымдарынын, салыктарынын ставкаларынын өзгөрүшүнүн натыйжасында бажы алымдарынын, салыктарынын суммасы өзгөрсө да.
5. Эгерде бажы алымдарын, салыктарын төлөөдөн жарым-жартылай шарттуу бошотууда төлөнгөн бажы алымдарынын, салыктарынын суммасы товарларды эркин жүгүртүү үчүн чыгарууда төлөнүүгө тийиш болгон суммага барабар болуп калса, анда мындай товарларга карата тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чаралары колдонулбаган шартта товарлар эркин жүгүртүү үчүн чыгарылды деп эсептелет.
6. Убактылуу ташылып келинген товарларды реэкспорттоодо же аларды башка бажы режиминин алдына коюуда бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн жарым-жартылай бошотуу учурунда төлөнгөн бажы алымдарынын, салыктардын суммасы кайра кайтарылбайт.
(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
145-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (8)
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 20-июну № 174 буйругуРаспоряжение · 20.06.2007 · № 174-р
- "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА БАЖЫЛЫК ЖӨНГӨ САЛУУ ЖӨНҮНДӨ" (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 29-августундагы № 498 токтому менен жактырылды)Проект · 29.08.2014 · № 498 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 31.12.2014 · № 184 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-январындагы № 20 "Локомотивдерди жана жүргүнчүлүк вагондорду Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.01.2007 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июлундагы № 504 токтому менен…Положение · 16.07.2015 · № 504 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 декабря 2004 года № 963 "Об утверждении Перечня товаров, временно ввозимых (вывозимых) с полным условным освобождением от уплаты таможенных…Постановление · 28.12.2004 · № 963 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-июлундагы № 476 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 963 «Бажылык пошлиналарды жана салыктарды төлөөдөн…Постановление · 03.07.2006 · № 476 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 4-октябры №563 "Локомотивдерди жана жүргүнчүлүк вагондорду Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 04.10.2008 · № 563 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Постановление Правительства КР от 28 декабря 2004 года № 963 "Об утверждении Перечня товаров, временно ввозимых (вывозимых) с полным условным освобождением от уплаты таможенных…Постановление · 28.12.2004 · № 963 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-145" title="145-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>