# 144-статья. Убактылуу ташып келинген товарларды пайдалануу жана

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 144-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-144

---

тескөө боюнча чектөөлөр

1. Убактылуу ташып келинген товарлар табигый жол менен эскирүүдөн же ташуунун (транспортировкалоонун), сактоонун же пайдалануунун (эксплуатациялоонун) кадимкидей шартында кемүүнүн кесепетинен өзгөргөндөн тышкары алгачкы абалында калууга тийиш. Убактылуу ташып келинген товарлар менен майда-барат оңдоо, техникалык тейлөө жана товарларды калыбында кармоо үчүн зарыл болгон башка операцияларды кошкондо алардын сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон операцияларды жасоого жол берилет.

2. Убактылуу ташып келүүнүн бажы режими боюнча жайгаштырылган товарлар ал колдонулган мөөнөттүн ичинде бажы органынын кабарлоосу менен, мындай жак бажы органдарынын алдында убактылуу ташып келүүнүн бажы режиминин шарттарын андан ары сактоо боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган шартта башка жакка өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн мындай учурда убактылуу ташып келүүнүн бажы режимин адепки тандап алган жак, эгерде товарларга ушул Кодекстин 145-статьясынын 2-пунктуна ылайык жарым-жартылай шарттуу бошотуу колдонулса, бул жак товарларды бажы режимине ылайык пайдаланган мезгили үчүн бажы төлөмдөрүн төлөп берүүгө тийиш. Убактылуу алып кирүү бажы режими боюнча жайгаштырылган товарлар пайдаланууга берилген жак бул жөнүндө бажы органына кат жүзүндө билдирүүгө тийиш, ал эми бажы режиминин шарттарын сактоо кепилдиктер менен камсыз кылынса (26-статья) - өзүнүн атына тийиштүү документтерди жол-жоболоштуруусу керек.

---

Мурунку берене: [143-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-143)  
Кийинки берене: [145-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-145)
