# 140-статья. Бажы режимин аяктоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 140-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-140

---

1. Ушул Кодекстин 136-статьясына ылайык белгиленген бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү мөөнөтү бүткөн күндөн кечиктирилбестен кайра иштетүү продуктулары башка бажы режимине билдирүүгө тийиш.

2. Бажы органдарынын уруксаты менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн бажы режими Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары ташылып кеткен товарларды кайра ташып келүү (реимпорт) же аталган товарларды ушул Кодексте белгиленген талаптарды жана шарттарды сактоо менен башка бажы режиминин алдына коюу аркылуу аякташы мүмкүн. Эгерде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ташылып кеткен товарлар же аларды кайра иштетүүнүн продуктулары милдеттүү түрдө кайра ташылып келе турган болсо, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы режимин, башка бажы режимине өзгөртүүгө жол берилбейт. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн бажы режимин башка бажы режимине өзгөртүүгө товарларды бажы органына иш жүзүндө көрсөтүүсүз жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [139-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-139)  
Кийинки берене: [141-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-141)
