# 14-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2011 года № 257 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666166..666167>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 14-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-14

---

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү үчүн зарыл документтердин тизмеги

1. Бажы айланасында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө арызга төмөнкү документтер тиркелет:

1) юридикалык жактар үчүн:

- уюштуруу документтеринин көчүрмөсү;

- жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- ачылган банктык эсептер жөнүндө документтер;

- ушул Кодекстин 15-статьясына ылайык камсыздоо төлөмдөрү төлөнгөнүн ырастаган документтер;

2) жеке ишкерлер үчүн:

- жеке ишкер катары катталуусу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

- паспорттун көчүрмөсү;

- ушул Кодекстин 15-статьясына ылайык камсыздандыруу төлөмдөрүнүн төлөнгөнүн ырастаган документтер;

3) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштурууда:

- убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары колдонууга арналган жайлардын жана (же) ачык аянттардын пландары жана чиймелери;

- убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштуруу үчүн аймакка (аянтка) жана жайларга ээлик кылуу укугун ырастаган аймакты (аянтты) жана жайды ижарага алуу келишими же башка документтер;

- укуктарды мамлекеттик каттоо жана мыйзамдарга ылайык кыймылсыз мүлккө болгон укуктарга жүктөөлөр (чектөөлөр) жөнүндө документтер;

- ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыз кылынганын ырастоочу документ;

4) алымсыз соода дүкөнүн уюштурууда:

- алымсыз соода дүкөнүн уюштуруу үчүн аймакты (аянтты) ижарага алуу келишими же жайларга ээлик кылуу укугун ырастаган башка документтер;

- мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алымсыз соода дүкөнүн ачуу мүмкүнчүлүгүн ырастоосу;

- алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга арналган жайлардын пландары жана чиймелери;

- укуктарды мамлекеттик каттоо жана мыйзамдарга ылайык кыймылсыз мүлккө болгон укуктарга жүктөөлөр (чектөөлөр) жөнүндө документтер;

- ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыз кылынганын ырастоочу документ;

5) бажы брокери катары ишти жүзөгө ашырууда:

- арыз берүүчүнүн жумушчулары болуп саналган адистердин бажылык жол-жоболоштуруу боюнча квалификациялык күбөлүктөрү;

- бажылык жол-жоболоштуруу боюнча адис катары жумушка кабыл алуу жөнүндө эмгектик укуктук мамилелерди жөнгө салуучу документ жана (же) жактын бажылык жол-жоболоштуруу боюнча адис катары чыгууга ыйгарым укуктарын ырастоочу документ;

- арыз берүүчү ишин жүргүзүүнү каалаган ар бир регион боюнча бажылык жол-жоболоштуруу боюнча адистердин бар экени жөнүндө документ. Эгер жак региондор боюнча ишти эч кандай чектөөсү жок жүзөгө ашырууну пландап жатса, бул учурда, бажы брокери катары өз ишин жүзөгө ашырууну пландап жаткан жеке ишкерлерден тышкары, арыз берилген күнгө карата арыз берүүчү бажы брокери катары өз ишин жүзөгө ашырууну пландаган филиалдар жана алардын жайгашкан жери жөнүндө маалыматтар берилет;

- ушул Кодекстин 252-статьясына ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөнүн камсыз кылынганын ырастоочу документ.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-15)
