# 139-статья. Кайра иштетүү продуктуларын бажы алымдарынан,

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 139-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-139

---

салыктардан бошотуу

1. Эгерде кайра иштетүүнүн максаты ташылып кеткен товарларды кепилдик (акысыз) ремонттоо болуп саналса, кайра иштетүү продуктулары бажы алымдарынан, салыктарды төлөөдөн толук бошотулат. Мурда Кыргыз Республикасынын бажы аймагында эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган товарлар, бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн толук бошотулбайт, эгерде эркин жүгүртүү үчүн чыгарууда ремонтко себеп болгон кемтик бар экендиги эске алынса.

2. Калган учурларда кайра иштетүү продуктулары ушул статьяга ылайык акцизден тышкары бажы алымдарын, салыктарды төлөөдөн жарым-жартылай бошотулат:

- адвалордук же комбинацияланган бажы алымдарынын, салыктарынын ставкасын колдонууда бажы алымдарынын, салыктардын суммасын эсептөө үчүн товарларды кайра иштетүү боюнча операциялардын наркы негиз болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келинген кайра иштетүү продуктуларынын бажылык наркы менен кайра иштетүү үчүн ташылып кеткен товарлардын бажылык наркынын ортосундагы айырмачылык менен аныкталат. Бажы алымдарынын, салыктарынын өзгөчөлүү ченемдерин колдонууда бажы алымдарынын, салыктардын суммаларын эсептөө үчүн негиз болуп кайра иштетүү боюнча операциялардын наркына барабар келген кайра иштетүү продуктуларынын саны эсептелет. Бажы алымдарыныы, салыктарынын суммаларын эсептөө максатында товарлардын санын аныктоонун усулу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен аныкталат.

- кайра иштетүү продуктуларына карата акциздер, кайра иштетүү боюнча операциялар ташылып кеткен товарларды ремонттоо болуп саналгандан тышкаркы учурларда толук көлөмүндө төлөнөт. Аталган учурда акциздер ушул пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган тартипте эсептелет.

---

Мурунку берене: [138-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-138)  
Кийинки берене: [140-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-140)
