# 136-статья. Товарларды кайра иштетүү мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 136-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-136

---

1. Бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүү мөөнөтү бажы органдары тарабынан белгиленет жана эки жылдан ашышы мүмкүн эмес.

Кайра иштетүү мөөнөтүнүн өтүшү товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы режиминин алдына коюлган күндөн башталат, ал эми товарларды өзүнчө партиялар менен ташып келүүдө - товарлардын биринчи партиясы келген күндөн башталат.

2. Бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүү мөөнөтүн белгилөөдө товарларды кайра иштетүү процессинин узактыгы жана аларды ташып келүү эске алынат.

3. Таламдаш жактын жүйөлөштүрүлгөн суроо-талабы боюнча бажы органы бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү мөөнөтүн, эгерде кайра иштетүүгө контролдук иш ачылган жак ушул главада белгиленген талаптарды жана шарттарды бузбастан, ага байланышпаган себептерден улам белгиленген мөөнөттө бажы режимин аяктай албаса, узартылат.

---

Мурунку берене: [135-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-135)  
Кийинки берене: [137-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-137)
