# 134-статья. Товарларды бажы режиминин алдына коюу шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 134-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-134

---

1. Товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн бажы режимине жайгаштырууда бажы органдары тарабынан ушул Кодекстин 138-статьясына ылайык контролдук иш ачылат.

2. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы режиминин алдына товарларды жайгаштыруу үчүн товарлар эркин жүгүртүүдө турган статуска ээ болууга тийиш.

3. Эгерде бажы органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен аныкталган талаптарга жана шарттарга ылайык кайра иштетүү продуктуларындагы ташып келинген товарларды идентификациялай алса, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүгө уруксат кылынат.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого негизденүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы режиминин алдына айрым товарларды жайгаштырууга тыюу салып жана чектөө коюуга укуктуу.

5. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы режимине ушул Кодекстин 286-статьясына ылайык декларант катары чыга алган, анын ичинде товардын менчик ээси болуп саналбаган кандай гана таламдаш жактар болбосун арыз бериши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [133-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-133)  
Кийинки берене: [135-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-135)
