# 13-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2011 года № 257 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666166..666167>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 13-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-13

---

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү үчүн зарыл маалыматтар

1. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө арыз төмөнкүлөрдү камтуусу тийиш:

1) юридикалык жактар үчүн:

- арыз берүүчүнүн аталышы жөнүндө, уюштуруу-укуктук таризи тууралуу, жайгашкан жери жөнүндө, ошондой эле толугу менен түзүлгөн уставдык капиталынын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды;

- өзүнүн иш регионун бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) алкагында чектөөсү же болбосо өзүнүн иш регионунун чектелбегени жөнүндө маалыматтарды;

2) жеке ишкерлер үчүн:

- аталышы, жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды;

- өзүнүн иш регионун бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) алкагында чектөөсү же болбосо өзүнүн иш регионунун чектелбегени жөнүндө маалыматтарды.

2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жалпы маалыматтардан тышкары, арыз берүүчү төмөнкү кошумча маалыматтарды берет:

1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын түзүүдө:

- убактылуу сактоо кампасынын же бажы кампасынын түрү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле жабык түрдөгү кампа түзүлгөн учурда негиздемени;

- арыз берүүчүнүн ээлигинде турган жана убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары пайдаланууга арналган жайлар жана (же) ачык аянтчалар жөнүндө маалыматтарды, алардын жайгашкан жери, түзүлүшү, жабдыктары жөнүндө жана материалдык-техникалык жабдылышы жөнүндө маалыматтарды;

2) алымсыз соода дүкөнүн түзүүдө:

- арыз берилген учурда алымсыз соода дүкөнү катары пайдалануу үчүн жарамдуу жайлардын бар экени жөнүндө маалыматтарды;

3) бажы брокери катары ишти жүзөгө ашырууда:

- Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык товарлардын айрым түрлөрүнө карата бажы операцияларын жүргүзүүдөгү өз ишинин чөйрөсүн чектөө же болбосо транспорттун айрым түрлөрү менен бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата, ошондой эле бир (бир нече) бажы органынын (бажы органдарынын) ишинин региондун алкагында айрым бажы операцияларын же болбосо мындай чектөөлөрсүз өз ишин жүргүзүү ниети жөнүндө маалыматтарды.

3. Убактылуу сактоо кампасы, бажы кампасы жана алымсыз соода дүкөнү катары колдонууга арналган аймактык жактан бөтөнчөлөнгөн ар бир жайга жана (же) аймактык жактан бөтөнчөлөнгөн ар бир ачык аянтчага бажы айланасында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө өзүнчө арыз берилет.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-14)
