# 129-статья. Бажы контролдугу астында товарларды кайра иштетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 129-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-129

---

боюнча контролдук иш

1. Товарларды кайра иштетүүгө контролдук иш алдынала бажы органы тарабынан ата мекендик жакка, эгерде ал товарларга карата ушул Кодекстин 126-статьясына ылайык товарларды бажы контролдугу астында кайра иштетүү бажы режими колдонулушу мүмкүн болсо, берет.

2. Контролдук иш төмөнкүлөрдү камтыйт:

чет өлкөлүк товардын жана аны кайра иштетүү продуктуларынын сыпатталышы, сапаты жана саны; товарларды кайра иштетүү боюнча операциялар жана аны бүткөрүү ыкмалары; чыгуу ченеми; кайра иштетүүнүн мөөнөтү.

3. Бажы контролдугу астында кайра иштетүүгө контролдук иш товарды кайра иштетүүнүн белгиленген мөөнөт ичинде колдонулат.

4. Бажы контролдугу астында кайра иштетүүгө контролдук иштин мөөнөтү ичинде башка ата мекендик жакка, бажы контролдугу астында кайра иштетүүнүн бажы режиминин шарттарын андан ары сактоо боюнча бажы органдарынын алдында ошол жак өзүнө милдеттенме алуу шарты менен колдонулушу мүмкүн. Аталган учурда бажы контролдугу астында кайра иштетүүгө алгачкы жолу контролдук иш ачылган жакка карата бажы режимине ылайык бул жак товарларды пайдаланган мезгилде бажы режиминин шарттарын аткаргандыгы жөнүндө бажы органына отчет берүүгө, ошондой эле, эгерде ушул Кодекске ылайык ошол мезгил үчүн бажы төлөмдөрүн төлөө милдети келип чыкса, бажы төлөмдөрүн төлөөгө тийиш.

---

Мурунку берене: [128-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-128)  
Кийинки берене: [130-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-130)
