# 128-статья. Товарларды кайра иштетүү мөөнөтү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 128-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-128

---

1. Товарларды бажы контролдугу астында кайра иштетүү мөөнөтү бажы органдары тарабынан белгиленет жана эки жылдан ашышы мүмкүн эмес.

Кайра иштетүү мөөнөтүнүн өтүшү товарларды бажы контролдугу астында кайра иштетүү бажы режими алдына коюлган күндөн башталат, ал эми товарларды майда партиялар менен ташып келүүдө - товарлардын биринчи партиясы келген күндөн башталат.

2. Товарларды бажы контролдугу астында кайра иштетүү мөөнөтүн белгилөөдө товарларды кайра иштетүү процессинин узактыгы эске алынат.

3. Таламдаш жактын жүйөлүү суроо-талабы боюнча бажы контролдугу астында товарларды кайра иштетүүгө белгиленген мөөнөт, эгерде кайра иштетүүгө контролдук иш ачылган адам ушул главада белгиленген талаптарды жана шарттарды бузбастан ага көзкаранды болбогон себептер боюнча белгиленген мөөнөттө бажы режиминин иши бүткөрүлбөй калса узартылып коюлат.

---

Мурунку берене: [127-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-127)  
Кийинки берене: [129-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-129)
