# 123-статья. Бажы аймагында кайра иштетүү бажы режимин колдонуунун

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 123-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-123

---

өзгөчөлүктөрү

1. Белгиленген мөөнөттө кайра иштетүү продуктуларын ташып кетүү жүзөгө ашырылбаган учурларда, эгерде товарларды ташып кетүүдө алар эркин жүгүртүү үчүн чыгарууга арыз берилсе, төлөнө турган бажы алымдарынын, салыктардын суммасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептөө ставкалары боюнча, эгерде аталган суммаларга карата бажы аймагында кайра иштетүү бажы режимине товарларды коюуда төлөө мөөнөтү кийинкиге жылдырылган болсо, алардан алынган пайыздар төлөнөт.

2. Таламдаш жактын суроо-талабы боюнча бажы аймагында кайра иштетүү бажы режиминин шартын колдонууга эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган товарларга карата жол берилет. Аталган учурда бажы органдары, эгерде кайра иштетүү продуктулары товарлар бажы органдары тарабынан идентификацияланышы мүмкүн болгон шартта чет өлкөлүк товарлар эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган күндөн баштап бир жылдын ичинде кайра иштетүү продуктулары ташылып кетсе, ошондой эле ушул главада белгиленген башка талаптар жана шарттар сакталганда, товарларды ташып келүүдө төлөнгөн бажы алымдарынын, салыктарынын суммасын кайра кайтарат.

Ушул пункттун жоболору Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келинген кайра иштетүү продуктулары болгон товарларды, эквиваленттик чет өлкөлүк товарларды ташып кетүүдө да колдонулушу мүмкүн. (КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [122-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-122)  
Кийинки берене: [124-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-124)
