Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
123-статья. Бажы аймагында кайра иштетүү бажы режимин колдонуунун
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 16-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 августа 2008 года № 196
өзгөчөлүктөрү
1. Белгиленген мөөнөттө кайра иштетүү продуктуларын ташып кетүү жүзөгө ашырылбаган учурларда, эгерде товарларды ташып кетүүдө алар эркин жүгүртүү үчүн чыгарууга арыз берилсе, төлөнө турган бажы алымдарынын, салыктардын суммасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептөө ставкалары боюнча, эгерде аталган суммаларга карата бажы аймагында кайра иштетүү бажы режимине товарларды коюуда төлөө мөөнөтү кийинкиге жылдырылган болсо, алардан алынган пайыздар төлөнөт.
2. Таламдаш жактын суроо-талабы боюнча бажы аймагында кайра иштетүү бажы режиминин шартын колдонууга эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган товарларга карата жол берилет. Аталган учурда бажы органдары, эгерде кайра иштетүү продуктулары товарлар бажы органдары тарабынан идентификацияланышы мүмкүн болгон шартта чет өлкөлүк товарлар эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган күндөн баштап бир жылдын ичинде кайра иштетүү продуктулары ташылып кетсе, ошондой эле ушул главада белгиленген башка талаптар жана шарттар сакталганда, товарларды ташып келүүдө төлөнгөн бажы алымдарынын, салыктарынын суммасын кайра кайтарат.
Ушул пункттун жоболору Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып келинген кайра иштетүү продуктулары болгон товарларды, эквиваленттик чет өлкөлүк товарларды ташып кетүүдө да колдонулушу мүмкүн. (КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-123" title="123-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>