# 122-статья. Эквиваленттик компенсация

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 122-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-122

---

1. Бажы органдарынын уруксаты менен бажы аймагындагы кайра иштетүү бажы режиминин алдына коюлган чет өлкөлүк товарлар өзүнүн сыпатталышы, сапаты жана техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча чет өлкөлүк товарлар менен дал келген (эквиваленттик компенсация) башка товарлар менен алмаштырылышы мүмкүн.

2. Эквиваленттик товарларды кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган продуктулар ушул главанын жоболоруна ылайык чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүүнүн продуктулары катары каралат.

3. Эквиваленттик товарлар бажы максаттарында чет өлкөлүк товарлардын статусуна ээ болот, ал эми аларды алмаштырган товарлар - эквиваленттик товарлардын статусуна ээ.

4. Эгерде эквиваленттик компенсацияга уруксат берилсе, кайра иштетүү продуктуларын ташып кетүүгө кайра иштетүүгө контролдук иш болгон шартта бажы аймагына кайра иштетүү үчүн товарларды ташып келгенге чейин жол берилет. Бажы органдары чет өлкөлүк товарларды ташып келүү үчүн мөөнөттү белгилейт.

---

Мурунку берене: [121-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-121)  
Кийинки берене: [123-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-123)
