121-статья. Бажы режимин аяктоо
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 16-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
Ушул Кодекстин 117-статьясына ылайык белгиленген бажы аймагында кайра иштетүү мөөнөтү бүткөн күндөн кечиктирилбестен кайра иштетүү продуктулары Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары ташылып кетүүгө тийиш. Эгерде кайра иштетүү продуктулары бажы аймагынан тышкары бир нече партия менен ташылып кетсе, контролдук иште көрсөтүлгөн кайра иштетүү продуктуларынын санына ылайык келишин биротоло текшерүү кайра иштетүү продуктулар ташылып кеткенден кийин мезгил-мезгили менен, бирок үч айда бир жолудан кем эмес жана товарлардын акыркы партиясы ташылып кеткен күндөн баштап 30 күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлүшү мүмкүн. Эгерде мындай текшерүүнүн натыйжасында бажы аймагында кайра иштетүүгө контролдук иш ачылган жак бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө тийиш болсо, эгерде аларды төлөө аталган сумманы төлөө зарылчылыгы жөнүндө бажы органы чечим кабыл алган күндөн баштап 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлсө, бул бажы төлөмдөрүнүн суммасына туумдар кошуп эсептелбейт.
2. Контролдук иш:
чет өлкөлүк товарлардын жана аларды кайра иштетүү продуктуларынын сыпатын, сапатын жана санын; товарларды кайра иштетүү боюнча операцияларды жана алар жасалган ыкмаларды; чыгуу ченемин; кайра иштетүү мөөнөтүн камтыйт.
3. Кайра иштетүүгө контролдук иш товарларды кайра иштетүүнүн белгиленген мөөнөтүнүн ичинде күчүндө болот.
4. Кайра иштетүүгө карата контролдук иш ал күчүндө болгон мөөнөттүн ичинде башка ата мекендик жакка карата, мындай жак бажы органынын алдында бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажы режимин сактоонун андан аркы шарттарын карманууга милдеттенме алса колдонулушу мүмкүн. Айтылган учурда кайра иштетүүгө карата алгач контролдук иш ачылган жак бажы органына бул жак товарларды бажы режимине ылайык пайдаланган мезгил үчүн бажы режиминин шарттарынын аткарылгандыгы жөнүндө отчет берүүгө, ошондой эле, эгерде бул мезгилдин ичинде ушул Кодекске ылайык бажы алымдарын төлөө милдеттерине алып келген иштер келип чыкса бажы алымдарын төлөөгө тийиш.
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
121-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Инструкция по контролю за исчислением и уплатой таможенных платежей и налогов (Утвержденная постановлением Правительства КР от 11 марта 2002 года № 128)Инструкция · 11.03.2002 · № 128 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 31.12.2014 · № 184 · Күчүн жоготкон
- Инструкция по контролю за исчислением и уплатой таможенных платежей ( утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 28 декабря 2004 года № 961)Инструкция · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
- "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА БАЖЫЛЫК ЖӨНГӨ САЛУУ ЖӨНҮНДӨ" (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2014-жылдын 29-августундагы № 498 токтому менен жактырылды)Проект · 29.08.2014 · № 498 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-121" title="121-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>