# 12-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2011 года № 257 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666166..666167>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 12-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-12

---

жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жана реестринен чыгаруунун тартиби

1. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жак тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Кодекстин 13-статьясында каралган маалыматтарды камтыган жазуу жүзүндөгү арызды берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Арызга ушул Кодекстин 14-статьясында каралган, түп нускалары же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү түрүндө берилиши мүмкүн болгон документтер тиркелет. Документтер мамлекеттик же болбосо расмий тилде берилет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүнчү жактардан, ошондой эле мамлекеттик органдардан арыз берүүчү көрсөткөн маалыматтарды ырастаган документтерди сурап алууга укуктуу. Арыз каралгандан кийин, жактын талабы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз берүүчүгө берилген документтердин түп нускаларын кайтарып берүүгө милдеттүү.

3. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү акысыз негизде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

4. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестринен чыгаруу тууралуу чечим ыйгарым укуктуу органга түшкөн реестрге киргизүү жөнүндө чечимди чакыртып алуу тууралуу арыздын негизинде же ушул Кодексте каралган негиздер боюнча кабыл алынат.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-13)
