# 119-статья. Товарларды кайра иштетүүгө контролдук иш

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 119-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-119

---

1. Товарларды кайра иштетүүгө контролдук иш бажы органы тарабынан ушул Кодекстин 114-статьясына ылайык бажы аймагында товарларга кайра иштетүүнүн бажы режими колдонулушу мүмкүн болсо, ата мекендик жакка карата ачылат.

2. Контролдук иш:

чет өлкөлүк товарлардын жана аларды кайра иштетүү продуктуларынын сыпатын, сапатын жана санын; товарларды кайра иштетүү боюнча операцияларды жана алар жасалган ыкмаларды; чыгуу ченемин; кайра иштетүү мөөнөтүн камтыйт.

3. Кайра иштетүүгө контролдук иш товарларды кайра иштетүүнүн белгиленген мөөнөтүнүн ичинде күчүндө болот.

4. Кайра иштетүүгө карата контролдук иш ал күчүндө болгон мөөнөттүн ичинде башка ата мекендик жакка карата, мындай жак бажы органынын алдында бажы аймагында кайра иштетүүнүн бажы режимин сактоонун андан аркы шарттарын карманууга милдеттенме алса колдонулушу мүмкүн, Айтылган учурда кайра иштетүүгө карата алгач контролдук иш ачылган жак бажы органына бул жак товарларды бажы режимине ылайык пайдаланган мезгил үчүн бажы режиминин шарттарынын аткарылгандыгы жөнүндө отчет берүүгө, ошондой эле, эгерде бул мезгилдин ичинде ушул Кодекске ылайык бажы алымдарын төлөө милдеттерине алып келген иштер келип чыкса бажы алымдарын төлөөгө тийиш.

---

Мурунку берене: [118-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-118)  
Кийинки берене: [120-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-120)
