# 110-статья. Алымсыз соода дүкөн ээсинин милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 110-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-110

---

жана жоопкерчилиги

1. Алымсыз соода дүкөн ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) сатуу үчүн алымсыз соода дүкөнүнө келген товарларды бажы контролунан тышкары алып коюу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого;

2) келип түшкөн жана сатып өткөрүлгөн товарлардын эсебин жүргүзүүгө;

3) бажы органдарына келип түшкөн жана сатып өткөрүлгөн товарлардын отчетун берүүгө;

4) ушул статьянын 2-пунктунда каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө;

5) Кыргыз Республикасынын соода чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдары менен белгиленген талаптарды сактоого.

2. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси чет өлкөлүк товарлар жоголгон болбосо аларды ушул главада белгиленген талаптарга жана шарттарга ылайык алымсыз соода дүкөнүндө жеке жактарга чекене сатуудан башка максаттарда пайдаланган учурда бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [109-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-109)  
Кийинки берене: [111-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-111)
