# 109-статья. Алымсыз соода дүкөнүнүн турган ордуна, жасалгалоого

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 109-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-109

---

жана жабдууга коюлган талаптар

1. Алым төлөөсүз соода дүкөнү соода залдарынан, көмөкчү жайлардан, кампалардан турушу мүмкүн.

Аталган имарат жайлар товарларды сатуу алым төлөөсүз соода дүкөнүнүн соода залдарында гана жүргүзүлүшү, ошондой эле товарлардын сакталышы жана аларга карата бажы контролун жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылгандай жабдылууга тийиш.

2. Алым төлөөсүз соода дүкөнүнүн соода залдары алым төлөөсүз соода дүкөнүндө сатып алган товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагында калтыруу, анын ичинде аларды ошол аймакта калган жеке жактарга берүү жолу менен калтыруу мүмкүнчүлүгү жок кылынгандай жайгаштырылууга тийиш.

3. Алым төлөөсүз соода дүкөнүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүү пункттарында жайгашкан орду анын ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын чегара кызматы карамагында турган мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.

4. Алым төлөөсүз соода дүкөнүнүн имарат жайы бажы контролу зонасы болуп саналат.

---

Мурунку берене: [108-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-108)  
Кийинки берене: [110-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-110)
