# 108-статья. Товарларды бажы режиминин алдына коюу шарты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 108-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-108

---

1. Алымсыз соода дүкөнү бажы режиминин алдына Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетүүгө тыюу салынган, Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө тыюу салынган, ошондой эле тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган башка товарлардан тышкары ар кандай товарлар коюлушу мүмкүн.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга чек коюлган товарлар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген талаптар сакталган шартта алымсыз соода дүкөндөрүндө сатылат.

3. Алымсыз соода дүкөнүнүн иштешин камсыз кылуу үчүн пайдаланылган товарлар алымсыз соода дүкөнү бажы режиминин алдына коюлбайт.

---

Мурунку берене: [107-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-107)  
Кийинки берене: [109-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-109)
