# 107-статья. Бажы режиминин мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 15-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 107-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-107

---

1. Алымсыз соода дүкөнү - Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарлар же ата мекендик товарлар, аларды кийин Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары ташып кетүү шарты менен бажы алымдарын, салыктарды төлөбөстөн, ошондой эле тышкы соода менен мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салуунун тарифтик эмес чараларын колдонуусуз түздөн-түз алымсыз соода дүкөндөрүндө жеке жактарга чекене сатуу жүргүзүлгөн бажы режими.

2. Товарларды алымсыз соода дүкөндөрүндө сатуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүү пункттарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган башка жерлерде Кыргыз Республикасынын бажы аймагындагы бажы контролу астында жүргүзүлөт.

3. Ата мекендик товарларды алымсыз соода дүкөнү бажы режиминин астына коюуда ички салыктарды, ошондой эле мурда төлөнгөн ташып кирүү бажы алымдары, салыктары кайра кайтарылбайт.

---

Мурунку берене: [106-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-106)  
Кийинки берене: [108-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-108)
