# 102-статья. Бажы кампасынын ээсинин милдеттери жана жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2011 года № 257 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666166..666167>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 102-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-102

---

1. Бажы кампасынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кампада турган товарларды бажы контролунан тышкары кампадан алып коюу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого;

2) бажы кампаларынын ээлеринин реестрине киргизүү шарттарын сактоого;

3) бажы органдарынын кызматкерлеринин бажы кампасында сакталып турган товарларга киришин камсыз кылуу жана аталган кызматкерлерге бажы контролун камсыз кылуу максатында бөлмөлөрдү, жабдууларды жана байланыш каражаттарын акысыз берүү боюнча бажы органдарынын талаптарын аткарууга;

4) ушул статьянын 2-пунктунда каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарын төлөөгө;

5) кампада сакталган товарлардын эсебин алууга жана ал товарлар жөнүндө бажы органдарына отчет берүүгө.

2. Бажы кампасынын ээси товарлар жоголгон же аларды бажы органдарынын уруксатысыз берген учурларда бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчилик тартат.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [101-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-101)  
Кийинки берене: [103-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-103)
