# 100-статья. Бажы кампаларынын типтери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 100-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-100

---

1. Бажы кампасы ачык типте, башкача айтканда, товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ кандай жактар болбосун пайдаланышы үчүн жеткиликтүү жана жабык типте, башкача айтканда, кампа ээсинин же андай кампаны уюштурууда ээсин аныктаган айрым жактардын товарларын сактоого арналган типте болушу мүмкүн.

2. Жабык типтеги бажы кампалары ачык типтеги кампаны уюштуруунун максатка ылайыксыздыгын негиздеген арыз ээсинин жүйөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча уюштурулушу мүмкүн. Жабык типтеги бажы кампасында сакталуучу товарлардын түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен аныкталат.

3. Ачык жана жабык типтеги бажы кампалары сактоонун өзгөчө шартын талап кылган же башка товарларга зыян келтириши мүмкүн болгон товарлардын айрым категорияларын сактоо (адистештирилген бажы кампалары) үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [99-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-99)  
Кийинки берене: [101-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-101)
