# 1-статья. Кыргыз Республикасындагы бажы иши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2011 года № 257 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666166..666167>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 1-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-1

---

1. Бажы иши товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы чек арасындагы өткөрмө пункттары (мындан ары - бажы чегарасы) аркылуу өткөрүүдө тышкы сооданы жана тышкы экономикалык иштин башка түрлөрүн бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын сактоону камсыз кылуу каражаттары менен усулдарынын жыйындысы болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасындагы бажы иши товарларды жана транспорт каражаттарын бажы чегарасы аркылуу өткөрүүнүн, бажы төлөмдөрүн алуунун, бажы режиминин, бажы документтерин жазып толтуруунун жана бажы контролунун тартибин түзөт.

3. Кыргыз Республикасы бажы иши жаатында эларалык кызматташтыкка жигердүү катышууга умтулат. Кыргыз Республикасында бажы иши жалпы кабыл алынган эларалык ченемдер жана практика менен шайкеш жана бир түргө келтирүү багытында өнүгүүдө.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-2)
