# Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 253
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158690>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21231/edition/1173128/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158690.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому (18.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158690

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 15-ноябры № 253 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 280, 2025-жылдын 25-мартындагы № 150, 2025-жылдын 17-июлундагы № 424, 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 , 2025-жылдын 18-декабрындагы № 812 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

4-пунктунда: 16-пунктчасындагы “Салык кызматы” деген сөздөр “Мамлекеттик салык кызматы” деген сөздөр менен алмаштырылсын; 17-пунктчасындагы “Бажы кызматы” деген сөздөр “Мамлекеттик бажы кызматы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 18-пунктчасындагы “Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду” деген сөздөр “Финансы-кредиттик фонд” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) ведомстволук бөлүмдөрдүн жоболорунун жана башкаруу схемаларынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;

2) бул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 90 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ишинин маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун 1-пункту.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 812 токтомунун редакциясына ылайык)
