Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 апреля 2025 года № 221 "О вопросах Министерства строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-04-22.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 15-ноябры № 256 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1)аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура,курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:
- 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“15. Мамкурулушта директордун биринчи орун басарынын жана директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган. Директордун орун басарлары, анын ичинде директордун биринчи орун басары директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат, түздөн-түз директорго баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде Мамкурулуштун ишин уюштурат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы директордун сунушу жок директордун биринчи орун басарын жана директордун орун басарларын бошотууга укуктуу. Директор жок учурда анын милдеттерин аткаруу анын биринчи орун басарына же орун басарларынын бирине жүтөлөт.”; 16-пунктунда: үчүнчү абзацындагы “статс-катчынын жана Мамкурулуштун иш багыты боюнча директордун орун басарларынын” деген сөздөр “Мамкурулуштун ишинин багыты боюнча директордун орун басарларынын, анын ичинде директордун биринчи орун басарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын; алтынчы абзацындагы “статс-катчы менен директордун орун басарларынын” деген сөздөр “директордун орун басарларынын, анын ичинде директордун биринчи орун басарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын; он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте борбордук аппараттын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, ошондой эле сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;”; Төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын: “- борбордук аппараттын техникалык жана тейлөөчү персоналынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, ошондой эле сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;”; -17-пунктундагы “Статс-катчы жана директордун орун басарлары” деген сөздөр “Директордун орун басарлары, анын ичинде директордун биринчи орун басары” деген сөздөр менен алмаштырылсын; -18-пунктундагы “статс-катчы, директордун орун басарлары” деген сөздөр “директордун орун басарлары, анын ичинде директордун биринчи орун басары” деген сөздр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө:
-ушул токтомдон келип чыгуучу чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин; -ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрели № 221 "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маселелери…Постановление · 22.04.2025 · № 221
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Положение · 25.06.2021 · № 44 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 12.10.2021 · № 425
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрели № 221 "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маселелери…Постановление · 22.04.2025 · № 221
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык…Постановление · 25.06.2021 · № 44 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123