# Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 18-ноябрындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 18-ноябрындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 271
- Кабыл алынган күнү: 18.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158672>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21219/edition/1112782/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158672.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 18-ноябрындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (18.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158672

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 18-ноябры № 271 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 « Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Калкка билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясы жөнүндө Жободо: 1,2-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларынын “Юриспруденция” жана “Укук коргоо иши” багыттары боюнча магистранттарды даярдоо.”;

1.5-пунктунун биринчи абзацындагы “Премьер-министри” деген сөз “Министрлер Кабинетинин Төрагасы” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А. У. Жапаров
