Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 „Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 18-ноябры № 271 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 « Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Калкка билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы Академиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясы жөнүндө Жободо: 1,2-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларынын “Юриспруденция” жана “Укук коргоо иши” багыттары боюнча магистранттарды даярдоо.”;
1.5-пунктунун биринчи абзацындагы “Премьер-министри” деген сөз “Министрлер Кабинетинин Төрагасы” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
А. У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 8 мая 2000 года №256 "Об утверждении Положения об Академии Министерства внутренних дел Кыргызской Республики имени генерал-майора милиции Алиева…Постановление · 08.05.2000 · № 256
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы ПЖ № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.05.2021 · № 114
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.