# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 246
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158665>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21215/edition/1107034/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158665.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (02.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158665

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 15-ноябры № 246 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы №111 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрндагы № 520 “Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүлөр киргизилсин:

-жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:

- 17-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“18.Кыргызпатентте директордун биринчи орун басарын жана директордун орун басарынын кызмат орундары каралган, алар Кыргызпатенттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат. Директордун орун басарлары ээлеген кызматынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча же директордун сунушу боюнча бошотулушу мүмкүн. Директордун орун басарлары Кыргызпатенттин директоруна түздөн-түз баш иет жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде өз ишин жүргүзөт.”;

- 21- пунктундагы “статс-катчы” деген сөз “директордун биринчи орун басары” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
