# КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 9 июлундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 9 июлундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 454
- Кабыл алынган күнү: 09.07.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2001
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158655>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21209/edition/1101464/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158655.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2001 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 9 июлундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги жөнүндө" токтому (03.03.2001 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158655

---

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-мартындагы № 84 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 1998-жылдын 9 июлу № 454 Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 17-апрелиндеги № 223 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 3-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын куруму жөнүндө" Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 15-апрелиндеги № 195 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын куруму жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралу токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 17-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин аппаратынын 15% кыскарышынын жана эмгек акы фондунун эсебинен Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин карамагында Чакан жана орто ишкерчилик департаменти, Эл аралык соода жана өнөр жай борбору түзүлсүн.

Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине караштуу Чакан жана орто ишкерчилик департаменти жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

3. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 17-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 17-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 17-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 17-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мына бул токтомдору күчүн жоготту деп табылсын: 1997-жылдын 27-январындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги жөнүндө", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 17-мартындагы № 146 "PESAC" программасынын алкагында мамлекеттик ишканалардын структурасын өзгөртүүнү аяктоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 3 жана 5-пункттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 8-июлундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 27-январындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" жана 1996-жылдын 17-сентябрындагы № 432 "Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 26-ноябрындагы № 686 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 31-мартындагы № 174 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 14-октябрындагы жана 1997-жылдын 26-ноябрындагы № 686 токтомдоруна өзгөртүү киргизүү тууралуу".

Премьер-министр

К.Жумалиев
