# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы мамлекеттик ишкананын маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы мамлекеттик ишкананын маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158648>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21204/edition/1100679/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158648.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы мамлекеттик ишкананын маселелери жөнүндө" токтому (30.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158648

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 853 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 1-ноябры № 237 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы мамлекеттик ишкананын маселелери жөнүндө Мамлекеттик ишкананын ишин укуктук жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдында "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасы деп кайра аталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдында "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
