# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-ноябрындагы № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-ноябрындагы № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 234
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158647>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21203/edition/1152847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158647.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-ноябрындагы № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158647

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомунун негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 1-ноябры № 234 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Алкоголдук рынокту мамлекеттик контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:

- 3-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Түрлөрү, аталыштары жана сыйымдуулугу (алкоголдук буюмдар үчүн) боюнча акциздик продукцияны маркалоо салык кызматы органынын акциздик маркаларды берүү тууралуу чечиминде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын типтерине жана номерлерине ылайык жүргүзүлөт.";

- 12-пунктундагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 15-пунктунун үчүнчү абзацындагы "2-тиркемесине" деген сөздөр "№ 3 тиркемесине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы № 3 тиркеме менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров

Тиркеме

"Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобого № 3 тиркеме

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (Салык кызматынын органынын аталышы) Акциздик маркаларды сатып алууга арыз-эсебине акциздик буюмдарды СПЕЦИФИКАЦИЯЛОО 20\_\_\_-жылдын "\_\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ № \_\_\_\_\_\_

Салык төлөөчүнүн аталышы

Юридикалык дареги жана телефону

ИСН

Катар №

Акциздик продукциянын түрү

Акциздик продукциянын маркасы (аталышы)

Идиштин сыйымдуулугу. Тамеки буюмдарынын түрү

Сатып алынуучу акциздик маркалардын саны

Уюмдун жетекчиси:

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (аты-жөнү)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ колу

М.О.".
