# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158646>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21202/edition/1100152/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158646.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (02.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158646

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 2-марты № 98 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Айрым объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмегинде:

- "В" категориясы (олуттуу объектилер)" бөлүмүнүн "Жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер" графасы төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын:

"14. "Ысык-Көл кемечилиги" ӨБ МИ";

- "В" категориясы (олуттуу объектилер)" бөлүмүнүн "Экономика үчүн мааниси бар объектилер жана жогорку кооптуулуктагы объектилер" графасы төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

"11. Мунайды кайра иштетүүчү заводдор.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 15-мартында № 21 жарыяланды

Премьер-министр

Т.А. Сариев
