# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 230 ""Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 230 ""Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158640>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21198/edition/1099629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158640.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 230 ""Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жөнүндө" токтому (25.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158640

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 25-октябры № 230 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Нурбаев тарабынан демилгеленген "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Төрага

А.У. Жапаров

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 230 токтому менен жактырылган

"Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.Нурбаев тарабынан демилгеленген "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Мыйзам долбоорунда Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин (мындан ары - Кодекс) 130-беренесине жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү (мындан ары - чегерүүлөр) облустардын жана райондордун өнүктүрүү фонддорунун ортосунда бөлүштүрүү ченемдери жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлердин тизмегине кирээрине жана алтындын чалгындалган запасынын санына, т.а. алтындын запасы 50,0 тоннадан аз же көп экендигине жараша аныкталары жөнүндө ченемдерди тактоо боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. Министрлер Кабинети Кодекстин 130-беренесинин азыркы учурда колдонуудагы ченемдеринде да чегерүүлөрдү облустардын жана райондордун өнүктүрүү фонддорунун ортосунда бөлүштүрүү кен чыккан жерлердин жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлердин тизмегине киришине жана алтындын чалгындалган запасынын санына, т.а. алтындын запасы 50,0 тоннадан аз же көп экендигине жараша аныкталары каралгандыгын белгилейт. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 339 "Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрин бекитүү жөнүндө" токтому менен жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрин бекитүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 350 токтому менен бекитилген Конкурска коюлуучу жалпы мамлекеттик маанидеги кендердин тизмеси күчүн жоготту деп таанылган. Ошону менен бирге аталган жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестри пайдалуу кендердин запастарынын саны жөнүндө маалыматтарды камтыбай тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Демек, алтындын запасынын саны жөнүндө маалыматтардын жоктугунан улам чегерүүлөрдү алтындын запасынын санына жараша райондордун жана облустардын өнүктүрүү фонддорунун ортосунда бөлүштүрүүгө мүмкүн болбой калды, бул Кодекстин 130-беренесинин ченемдерин колдонууда түрдүү чечмелөөгө алып келиши мүмкүн. Ошондой эле чегерүүлөрдү облустардын жана райондордун өнүктүрүү фонддорунун ортосунда бөлүштүрүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана адам факторун жокко чыгаруу максатында чегерүүлөрдү бөлүштүрүү процессин автоматташтыруу зарыл экендигин, ал эми чегерүүлөрдү алтындын запасына жараша бөлүштүрүү бул процессти автоматташтыруудагы кыйынчылыктарга алып келе тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 17-февралындагы № 48 токтому менен жактырылган "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыккан, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосунда. Аталган Мыйзам долбоору менен Кодекстин 130-беренесине чегерүүлөрдү облустардын жана райондордун өнүктүрүү фонддорунун ортосунда бөлүштүрүүнү алтындын запасынын санын эсепке албастан аныктоо ченемдери каралган өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. Бул Мыйзам долбоору чегерүүлөрдү облустардын жана райондордун өнүктүрүү фонддорунун ортосунда бөлүштүрүү процессин жөнөкөйлөтүүгө багытталган, аны кабыл алуу чегерүүлөрдү бөлүштүрүү процессин автоматташтырууга жана адам факторун жокко чыгарууга мүмкүндүк берет. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.
