# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 169 "2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 169 "2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 15.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158638>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21196/edition/1111596/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158638.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 169 "2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары жөнүндө" токтому (15.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158638

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 15-сентябры № 169 2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 82-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) 2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары 1-тиркемеге ылайык;

2) 2022–2024-жылдарга бюджеттин параметрлери жана бюджетти түзүү үчүн контролдук цифралар 2-тиркеменин 1-6-таблицаларына ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-сентябрындагы № 483 “2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

У. А. Марипов
