# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 229 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 229 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 229
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158635>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21193/edition/1152765/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158635.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 229 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158635

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомунун негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 25-октябры № 229 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Акциздик маркалар менен камсыздоонун үзгүлтүккө учуроосуна жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 295-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:

- 12-пунктундагы "пайдалануу үчүн ыйгарым укуктуу салык кызматынын органынын атайын эсебине которулууга тийиш" деген сөздөр "колдонулат" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 14-пунктунун биринчи абзацы "транспорт чыгымдарынан," деген сөздөрдөн кийин "анын ичинде даярдоочу компания жок болгон учурда, акциздик маркаларды ыйгарым укуктуу банктан чет өлкөлүк даярдоочу заводдорго чейин жеткирүү боюнча чыгымдардан," деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ыйгарым укуктуу салык органына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобонун 19-пунктуна ылайык 2021-жылдын 31-декабрына чейин зарыл болгон учурда башка типтерге жана сыйымдуулуктарга алмаштыруу менен алкоголдук продукцияга акциздик маркаларды берүүнү жүзөгө ашырууга уруксат берилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
