# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19- октябрындагы № 224 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19- октябрындагы № 224 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158630>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21190/edition/1097229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158630.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19- октябрындагы № 224 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому (19.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158630

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2021-жылдын 19- октябры № 224 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Бюджеттик процессти автоматташтыруу милдеттерин оперативдүү чечүүнү, мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагындагы иш-чараларды сапаттуу ишке ашырууну, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууну, салыктык жол-жоболорду, бажылык башкарууну фискалдаштырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 5-2-пункт менен толукталсын:

"5-2. Ушул токтомдун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасына жайылтылбай тургандыгы белгиленсин.".

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы үч жылдын ичинде жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза кирешени толук өлчөмдө өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планды) ишке ашырууга багыттоого укуктуу экендиги аныкталсын.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
