Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин «Кадастр» мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление от 23 июня 2023 года № 320 "О внесении изменений в некоторые решения Кабинета Министров Кыргызской Республики в сфере структуры Министерства сельского хозяйства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-06-23.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 320 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - "Кадастр" мамлекеттик мекемеси) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын (мындан ары - Кызмат) карамагында турат жана жер кадастрын, кадастрдык картографиялоону, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен бүтүмдөрдү каттоону жана кыймылсыз мүлккө катталган укуктарга мамлекеттик коргоону камсыз кылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
2. "Кадастр" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Жобо "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин уюштуруучу документи болуп эсептелет.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин уюштуруучусу болуп эсептелет.
5. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Кадастр" при Службе земельных ресурсов при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики".
"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кадастр" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Кадастр".
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
6. "Кадастр" мамлекеттик мекемеси мамлекеттик мекеменин уюштуруучулук-укуктук түрүндө түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, анын мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, штампы, бланктары жана башка атрибуттары болот.
7. "Кадастр" мамлекеттик мекемеси белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык алыш-бериш жана башка эсептерин ачат.
8. "Кадастр" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жүргүзүүгө, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана милдеттенмелерди алууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
9. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44.
10. "Кадастр" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жактын укуктарына ээ болот.
2. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин максаты
11. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин максаты болуп кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу камсыздоо, жердин жана кыймылсыз мүлктүн кадастрын, кадастрдык картографиялоону жүргүзүү, ошондой эле жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүүгө көмөктөшүү эсептелет.
3. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин милдеттери
12. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин милдеттери:
- кадастр жана кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдөргө укуктарды каттоонун бирдиктүү мамлекеттик системасынын иштешин камсыздоо;
- кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдөргө катталган укуктардын мамлекеттик корголушун камсыздоо;
- Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринин базасында Кыймылсыз мүлк боюнча мамлекеттик геомаалыматтык системаны түзүү жана актуалдаштыруу;
- өз компетенциясынын чегинде Мамлекеттик жер кадастрын түзүү жана жүргүзүү;
- жеке мүнөздөгү маалыматтын корголушун камсыздоо.
4. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин функциялары
13. "Кадастр" мамлекеттик мекемеси өз компетенциясынын чегинде жана ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- Кызматтын кароосуна кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо, жер кадастры жана Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизет;
- Кызматтын кароосуна өз компетенциясынын чегинде бирдиктүү мамлекеттик маалыматтык ресурстарды иштеп чыгуу жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизет;
- кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдөргө укуктарды каттоо системасын, жер кадастрын, жер жана кыймылсыз мүлк рыногун өнүктүрүүнү жана Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү өркүндөтүү боюнча сунуштарды изилдеп чыгат жана белгиленген тартипте Кызматтын кароосуна киргизет;
- Кызматка сунуштарды киргизүү жолу менен мамлекеттик маалыматтык системалардын коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды иштеп чыгууга катышат;
- Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системаны жана Кыймылсыз мүлк боюнча мамлекеттик геомаалыматтык системаны түзүүгө жана жүргүзүүгө катышат;
2) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү функциялары:
- кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдөргө укуктарды каттайт, Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт, белгиленген тартипте кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдөргө катталган укуктар жөнүндө маалыматтарды берет;
- кыймылсыз мүлк объекттерине кадастрдык сүрөткө тартуу жүргүзөт жана аларды түзөт;
- жер участокторун жеринде бөлүштүрөт, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын жерди пайдалануу чектерин белгилейт жана бекитет;
- айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун жана алынбай калган пайданы эсептеп чыгат;
- укук ээлеринин арыздарынын негизинде кыймылсыз мүлк бирдиктерин бөлүштүрөт жана бириктирет;
- укук белгилөөчү документтердин негизинде жер участогуна укуктарды күбөлөндүрүүчү документтерди тариздейт, берет жана каттайт;
- каржылоо булактарына карабастан, жеке жана юридикалык жактар аткарган кадастрдык сүрөткө тартуу боюнча документтерге экспертиза жүргүзөт;
- кызыкдар жактарды белгиленген тартипте кыймылсыз мүлк жана ага болгон укуктар жөнүндө маалымат менен камсыздайт;
- кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык жактан изилдейт жана техникалык паспортту берет;
3) колдоо функциялары:
- мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүүгө, сактоого, пайдаланууга жана коопсуздугун камсыздоого катышат;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик реестрлерин түзөт жана тейлейт;
- өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик маалыматтык ресурстарды пайдалануу боюнча жарандардын жана уюмдардын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылат;
- каттоо органдары тиешелүү чечимдерди жана билдирүүлөрдү алган учурда камакка алуулардын жана тыюу салууларды эсепке алууну, ошондой эле аларды өз убагында алып салууну камсыз кылат;
- кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдөргө укуктарды каттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, кыймылсыз мүлккө жана аны менен бүтүмдөргө укуктарды каттоо чөйрөсүндө жергиликтүү каттоо бөлүмдөрү тарабынан аткарылган кадастрдык жана башка иштерге, жер кадастрына, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кадастрдык картографиялоого тарифтерди белгилөө боюнча сунуштарды талдайт жана Кызматтын кароосуна киргизет;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын жер фондусунун абалы жана аны пайдалануу жөнүндө жылдык жер отчётун түзүү менен Мамлекеттик жер кадастрын жүргүзөт;
- каттоо, кадастрдык материалдарды эсепке алуу, сактоо жана берүү тартибин белгилейт жана белгиленген тартиптин сакталышын контролдойт;
- башка мамлекеттик органдар менен биргеликте Координаттар улуттук системасын ишке киргизет жана өнүктүрөт;
- жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоо) боюнча жерге жайгаштыруу материалдарын түзөт;
- кыймылсыз мүлккө салык салуу максатында кыймылсыз мүлктү мамлекеттик баалоого (кайра баалоого) катышат;
- кыймылсыз мүлккө салык салуу базасы боюнча реестрди түзүүнү камсыздайт;
- кыймылсыз мүлктүн рыноктук наркына таасир этүүчү факторлорду үзгүлтүксүз изилдейт жана талдайт;
- жер ресурстары жөнүндө бардык маалыматтарды кошуп алганда кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтар базасын түзүүгө катышат;
- кыймылсыз мүлктү, анын ичинде жерди баалоо методикасын иштеп чыгууга катышат;
- белгиленген тартипте кыймылсыз мүлккө конкурстарды жана аукциондук тооруктарды өткөрүүгө катышат;
- кыймылсыз мүлк боюнча талаштарды чечүүгө өз компетенциясынын чегинде катышат;
- координаттардын мамлекеттик системаларын, анын ичинде "Kyrg-06" жана бийиктиктер системасын өнүктүрүү жана колдоо боюнча уюштуруу-техникалык иш-чараларды жүргүзүүгө катышат;
- коңшулаш мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын линиясын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссиялардын ишине белгиленген тартипте катышат;
- кадастрдык сүрөткө тартуунун жаңы технологияларын киргизүүгө жана өнүктүрүүгө катышат;
- GNSS тармагынын иштешине жана базалык станциялар системасын техникалык камсыздоого жана колдоого катышат;
- кыймылсыз мүлктүн рыноктук наркына таасир тийгизүүчү факторлорду талдоо жана изилдөө ишине катышат;
- Кыргыз Республикасынын Мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфраструктурасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө катышат;
- мейкиндик маалыматтарынын базалык геопорталын түзүүгө жана кармоого катышат;
- жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын жана сунуштарын белгиленген тартипте карайт;
- "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин компетенциясына таандык маселелер боюнча Кызматтын макулдугу менен эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
- кадастр системасын жана кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен бүтүмдөрдү каттоону институттук өнүктүрүүнү камсыздайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
5. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин укуктары жана милдеттери
14. "Кадастр" мамлекеттик мекемеси ушул Жободо аныкталган өзүнүн милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин компетенциясына таандык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү маалыматты жана материалдарды суроого жана алууга;
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- уюштуруу-укуктук формасына карабастан жеке жана юридикалык жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн Кызмат менен макулдашуу боюнча "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин чет өлкөгө иш-сапарларга жиберүүгө;
- "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин окутуу, аларга консультация берүү үчүн келишимдик негизде адистерди тартууга;
- коомдук жетүү борборлорун, колл-борборлорун, консультациялык жана окуу борборлорун түзүүгө;
- "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууга;
- "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин өндүрүштүк ишин жүзөгө ашыруу үчүн керектүү филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү жөнүндө Кызматка сунуштарды киргизүүгө;
- акы төлөнүүчү жана акысыз мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү белгиленген тартипте берүүгө;
- "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды Кызматка берүүгө;
- монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча "Кадастр" мамлекеттик мекемеси аткара турган жумуштарга бааларды аныктоого жана аларды белгиленген тартипте Кызматка кароо үчүн киргизүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
15. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин иштөө жана эс алуу режими, төлөнүүчү ар жылдык өргүүлөрдү берүү тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.
16. "Кадастр" мамлекеттик мекемеси төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ыкчам башкаруу укугунда өткөрүп берилген мүлктүн сактыгын камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө;
- "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгек жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- түзүлгөн келишимдерге ылайык өзүнүн милдеттерин аткарууга.
17. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам аркылуу корголуучу башка сырды сактоого, анын ичинде "Кадастр" мамлекеттик мекемесинде иштебей калгандан кийин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жана алар менен бүтүмдөрдү жүргүзүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин аралыгында сактоого, жарандын жеке турмушуна тиешелүү, кызматтык милдеттерин аткарган учурда алган, анын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды жашырын сактоого милдеттүү жана ушундай маалыматты алардан талап кылбоого тийиш. Буга Кыргыз Республикасынын жарандык жана жазык мыйзамдарында каралган учурлар кирбейт.
"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери эмгек мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
6. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин ишин уюштуруу
18. "Кадастр" мамлекеттик мекемесин директор башкарат, аны Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
19. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин директору өзүнө жүктөлгөн функциялык милдеттерди талаптагыдай аткарууга жеке жоопкерчилик тартат.
"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин директору убактылуу болбогон учурда, директордун милдеттери "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн биринин жетекчисине Кызматтын буйругунун негизинде жүктөлөт. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
20. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери Кызматтын директору бекиткен кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
21. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин директору:
- "Кадастр" мамлекеттик мекемесин башкарат жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесине жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууга жана өзүнүн ишинин жыйынтыктары үчүн жоопкерчилик тартат;
- "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин атынан ишеним катсыз аракеттенет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, уюмдарында, мекемелеринде "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызыкчылыгын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин функциялык милдеттерин, иш пландарын бекитет;
- Кызматка чыгаша жана киреше сметасын, эмгекке төлөө системасын жана формасын бекитүүгө киргизет;
- Кызмат менен макулдашуу боюнча "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин мүлкүн башкарат жана каражаттарын тескейт;
- "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
- Кызматка "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүүгө киргизет;
- "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчиликке тартуу чараларын көрөт;
- "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин филиалдары жөнүндө жобону жана алардын ички иш тартибин бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
7. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин эсепке алуу, пландоо, отчёт берүү иши
22. "Кадастр" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө жана расмий статистика тууралуу мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн ишинин жыйынтыктарынын бухгалтердик эсебин жүргүзөт жана статистикалык отчётторун берет.
23. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин ишин контролдоону Кызмат жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)
24. "Кадастр" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын ички аудит жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин карамагында турган каражаттардын эсебинен ички аудитти жүргүзөт.
8. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин мүлкү жана финансы каражаттары
25. Мүлктү сатуу жана сатып алуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
26. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин мүлкүн негизги фонддор жана жүгүрткөн каражаттары, ошондой эле башка баалуулуктар түзөт, алардын наркы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин өз алдынча балансында чагылдырылат.
27. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин финансы каражаттарын түзгөн булактар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- республикалык бюджет;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелер;
- гранттар;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
28. "Кадастр" мамлекеттик мекемеси чарбалык-эсептик негизде иш жүргүзөт, мекемени кармоого чыгымдар "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин атайын эсептеринде топтолгон каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
9. "Кадастр" мамлекеттик мекемесин кайра уюштуруу жана жоюу
29. "Кадастр" мамлекеттик мекемесин кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
30. "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин иши токтотулган учурда, анын документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук…Постановление · 06.08.2021 · № 116
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 320 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин түзүмү жаатындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер…Постановление · 23.06.2023 · № 320
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон