Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 7 марта 2024 года № 98 "О Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-03-07.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
28-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту жөнүндө ЖОБО (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347, 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун (мындан ары - Институт) ишин жөнгө салат, анын милдеттерин, функцияларын жана иш тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Институт Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун укук улантуучусу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Институт Кыргыз Республикасында мал чарба жана жайыт жаатындагы жогорку илимий-изилдөө жана өндүрүштүк мекеме болуп эсептелет.
4. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Институт мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары бар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Институттун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту";
- расмий тилде: "Кыргызский научно-исследовательский институт животноводства и пастбищ при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: КМЧЖИИИ;
- расмий тилде: КНИИЖП.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Институттун юридикалык дареги: 724827, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, Фрунзе атындагы айыл, Институт көчөсү, 1.
8. Институт өз ишин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, башка мамлекеттик түзүмдөр, илимий жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт, башка мамлекеттердин илимий мекемелери менен активдүү өз ара иштешет.
2. Институттун максаты
9. Институттун максаты болуп Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун проблемаларын чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн мал чарбачылыгы, жайыт жана тоют өсүмдүктөрүнүн селекциясы жаатындагы илимий-изилдөө иштери саналат.
3. Институттун милдеттери
10. Институттун милдеттери:
- чыгарылган породаларды сактоонун, өркүндөтүүнүн, генетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун илимий негиздерин иштеп чыгуу жана айыл чарба жаныбарларынын жаңы породаларын жана типтерин түзүү;
- табигый жайыттарды жакшыртуунун ыкмалары менен технологияларын иштеп чыгуу, тоют өсүмдүктөрүнүн жаңы жогорку түшүмдүү сортторун чыгаруу, алгачкы үрөөнчүлүктү уюштуруу;
- мамлекеттик асыл тукум заводдорунун селекциялык асыл-тукум иши жаатындагы илимий-өндүрүштүк иштерин координациялоо;
- илимий изилдөөлөрдүн тематикасын, методикасын, жумушчу программаларын жана аларды аткаруу боюнча календардык пландарды иштеп чыгуу;
- агрардык илимдин жетишкендиктерин пропагандалоо жана айыл чарба практикасына киргизүү, окууларды, консультациялык кызматтарды уюштуруу, мал чарбачылыгынын жана тоют өндүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча илимий эмгектерди, сунуштарды жарыялоо;
- мал чарбачылыгы жана тоют өндүрүү багыты боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимий борборлору менен мал чарбачылыгы жана тоют өндүрүү маселелери боюнча биргелешкен инвестициялык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча кызматташуу.
4. Институттун функциялары
11. Институт жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- айыл чарба жаныбарларынын бардык түрлөрүн породалык райондоштуруунун жана продуктивдүү өркүндөтүүнүн селекциялык-генетикалык программаларын жана методдорун иштеп чыгуу;
- жаныбарларды көбөйтүүнү жакшыртуунун заманбап биотехнологиялык методдорун иштеп чыгуу;
- айыл чарба жаныбарларынын жаңы породаларынын, типтеринин, линияларынын жана түркүмдөрүнүн селекциялык жетишкендиктерин апробациялоо;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик асыл тукум заводдорунун иш зоналарында асыл тукум продукцияларын жана асыл тукум материалдарын сатуу;
- асыл тукум ишинин адистеринин, дыйкандардын (фермерлердин), техник-уруктандыруучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүү жана тиешелүү үлгүдөгү сертификаттарды берүү;
- асыл тукум мал өстүрүүчү асыл тукум фермердик чарбаларга илимий-методикалык жардам көрсөтүү;
- табигый жайыттар менен чабындылардын үстүнкү бетин, түп тамырынан жакшыртуунун жана сарамжалдуу пайдалануунун натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгуу;
- тоют өсүмдүктөрүнүн жогорку түшүмдүү кургакка, суукка чыдамдуу, илдетке жана зыянкечтерге туруктуу сортторун түзүү, жапайы өсүүчү тоют чөптөрдү жана жарым бадалдарды, алардын үрөндөрүн тоют өсүмдүктөрүнө киргизүү;
- сугат жерлеринде интенсивдүү тоют өндүрүүнүн илимий негиздерин иштеп чыгуу;
- тоют өсүмдүктөрүн зыянкечтерден жана илдеттерден сактоонун интеграцияланган методдорун иштеп чыгуу;
- которуштуруп айдоонун прогрессивдүү технологияларын, системаларын киргизүү боюнча фермерлерге, тоют өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өндүрүүчүлөргө методикалык сунуштарды берүү, консультациялык-маалыматтык жардам көрсөтүү;
- тоют өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун апробациялоо;
- табигый жайыт жерлерин коргоо, менчиктин бардык түрүндөгү чарбалар тарабынан пайдаланууну жакшыртуу жаатында саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- белгиленген тартипте илимий-изилдөө жана ишке киргизүү иштеринин пландарын аткаруунун жыйынтыгын чыгаруу, алар боюнча жогору турган уюмдарга отчетторду берүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Институт айыл чарбасында илимий-техникалык прогрессти камсыздоочу илимий-изилдөө иштерин аткарууга, практикалык сунуштарды иштеп чыгууга жоопкерчилик тартат.
5. Институттун укуктары жана милдеттери
13. Институт илимий изилдөөлөрдү пландоо жаатында төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- өзүнүн илимий-изилдөө иштеринин багытын аныктоого;
- Институттун профилине ылайык келген илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйбалык иштердин келечектүү жана учурдагы пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана аларды ишке ашырууга, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоого, изилдөө иштерин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыздоого;
- адистерди окутуунун жана аяктаган илимий иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүү боюнча дыйкан, фермердик жана башка типтеги чарбаларга консультациялык жана методикалык кызматтарды көрсөтүүнүн план-программаларын түзүүгө;
- чет өлкөлүк илимий борборлорго окумуштууларды жана аспиранттарды командировкага, окууга жана стажировкага жиберүүнү уюштурууга;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча өз компетенциясынын чегинде чет өлкөлүк уюмдар, эл аралык илимий-изилдөө борборлору менен илимий кызматташтык жөнүндө макулдашууларды түзүүгө жана аларда ата мекендик агрардык илимди көрсөтүүгө;
- илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аспирантура жана докторантура аркылуу адистерди даярдоого.
14. Институт төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өз ишинин профили боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- бекитилген отчеттордун бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
- Министрликтин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого.
6. Институттун түзүмү
15. Институттун түзүмү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча жетекчинин сунушу менен Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри (мындан ары - министр) тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Институттун түзүмүнө Окумуштуулар кеңеши, административдик-башкаруу персоналы, илимий жана көмөкчү бөлүмдөр кирет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Айрым максаттуу долбоорлорду жана гранттарды аткаруу үчүн Институтта убактылуу чыгармачыл жамааттар жана чакан өндүрүштүк ишканалар түзүлүшү мүмкүн.
18. Илимий-эксперименттик иштерди жүргүзүү, изилдөөлөрдүн натыйжаларын өндүрүштө текшерүү жана илимдин жетишкендиктерин жана алдынкы тажрыйбаны айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү үчүн Институтун ведомстволук бөлүмдөрү бар.
7. Институттун ишин уюштуруу
19. Институтту директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча министрдин сунушу менен 5 жылга чейинки мөөнөткө, 70 жашка чейинки курактагы, тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы же тиешелүү тармакта жетекчилик иштеги тажрыйбасы жана окумуштуулук (академиялык) даражасы бар адистердин ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык директордун кызмат ордун ээлей албайт. Директор өз ишинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, министрдин буйруктарын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жетекчиликке алат.
20. Директор:
- Институтту жетектейт, ушул Жободо аныкталган укуктарды жана милдеттерди аткарат, Институттун иши үчүн жоопкерчилик тартат;
- финансылык тартипти сактоону, эсепке алуунун жана отчеттуулуктун аныктыгын, Институттун оперативдүү башкаруусунда турган мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылат;
- Институттун кызматкерлеринин эмгектик укуктарын сактоону камсыз кылат;
- мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыз кылат;
- Институттун кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;
- Институттун өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- финансы каражаттарын тескейт;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- министрдин бекитүүсүнө чыгымдардын сметасын жана Институттун бекитилген түзүмүнүн, санынын, эмгек акы төлөө фондунун чегинде штаттык ырааттамасын берет;
- жогору турган органдарда, арбитраждык, банктык жана башка мекемелерде Институттун атынан чыгат;
- белгиленген тартипте Институттун атынан башка мекемелер менен, анын ичинде чет өлкөлүк мекемелер менен келишимдерди түзөт;
- Институттун кызматкерлери менен эмгектик жана социалдык-экономикалык мамилелер жөнүндө жамааттык келишимди түзөт;
- өз компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Институтта директордун орун басары кызмат орду каралган.
22. Институттун директорунун орун басары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Институттун директорунун сунушу менен министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
23. Директордун орун басары:
- илимий-изилдөө иштерин пландоо боюнча жетекчиликти ишке ашырат;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- илимий-методикалык жана ишке киргизүү иштерин координациялайт;
- илимий эмгектерди жана илимий жетишкендиктерди пропагандалоо боюнча материалдарды басып чыгарууну уюштурат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Окумуштуу катчы:
- илимий-уюштуруу жана маалымат бөлүмдөрүнүн ишин жетектейт;
- илимий-изилдөө иштеринин келечектүү жана учурдагы пландарын иштеп чыгууну координациялайт;
- Институттун илимий-изилдөө иштери жөнүндө пландарды жана отчетторду жалпылайт жана жогору турган уюмдарга берет;
- Окумуштуулар, илимий-методикалык кеңештердин ишин уюштурат.
25. Институттун окумуштуу катчысын Институттун директору кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
8. Институттун Окумуштуулар кеңеши
26. Окумуштуулар кеңеши Институттун сунуш берүүчү коомдук-кесиптик органы болуп саналат.
27. Кеңеш директор, директордун орун басары, окумуштуу катчы, Институттун алдыңкы окумуштуулары, башка уюмдардын адистери жана окумуштуулары кирген курамда түзүлөт.
28. Окумуштуулар кеңешинин курамын Институттун директорунун сунушу боюнча министр бекитет.
29. Окумуштуулар кеңешинин төрагасы болуп Институттун директору, ал эми ал жок учурда - директордун орун басары саналат.
30. Окумуштуулар кеңешинин катчысы болуп окумуштуу катчы эсептелет.
31. Окумуштуулар кеңеши Кеңештин иш планында бекитилген мөөнөттө, үч айда бир жолудан кем эмес жыйын өткөрөт.
32. Окумуштуулар кеңешинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Институттун илимий-изилдөө иштеринин келечектүү багыттарын кароо;
- илимий-изилдөө, ишке киргизүү иштеринин узак мөөнөттүү жана жылдык пландарынын долбоорлорун кароо;
- илимий-изилдөө иштеринин жылдык жана жыйынтыктоочу отчетторун жана Институттун илимий жана ишке киргизүү иштери жөнүндө маалыматтарды кароо;
- Институттун түзүмүн жана штаттык ырааттамасын өзгөртүүгө байланышкан маселелерди талкуулоо;
- илимий эмгектерди, сунуштамаларды, баракчаларды, брошюраларды басып чыгаруу боюнча редакциялык коллегиянын пландарын кароо;
- эл аралык илимий борборлор менен чыгармачылык кызматташуу жана координациялоо маселелерин талкуулоо;
- жаш окумуштуу кадрларды даярдоо жана илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди координациялоо;
- илимий жетекчилердин, окумуштуулук даражага изденүүчүлөрдүн жүргүзүлгөн изилдөөлөрү жөнүндө отчетторун угуу, кандидаттык жана докторлук диссертациялардын темаларын кароо жана бекитүү, ачык жактоого сунуштоо максатында диссертацияларды апробациялоо;
- окумуштууларды мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга жана наамдарды ыйгарууга көрсөтүү; илимий эмгектерди, ачылыштарды жана ойлоп табууларды мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарууга, ошондой эле көрүнүктүү окумуштуулардын атындагы медалдарга жана сыйлыктарга көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлүгүнө (академигине) жана мүчө-корреспонденттигине көрсөтүү, ошондой эле башка уюмдар көрсөткөн иштерди жана талапкерлерди колдоо боюнча материалдарды кароо;
- кандидаттык жана доктордук диссертациялык иштерди аяктоо үчүн окумуштууларга чыгармачылык өргүү берүү боюнча өтүнүч каттарды кароо;
- бөлүмдөрдүн, лабораториялардын башчыларынын жана илимий кызматкерлердин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс боюнча же контракттык негизде тандоо;
- окумуштуулук даражаларын жана окумуштуулук наамдарын ыйгаруу жөнүндө талкуулоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясына белгиленген тартипте өтүнүч каттарды берүү;
- селекциялык жетишкендиктерди апробациялоо материалдарын кароо жана оң чечим чыккан учурда селекциялык жетишкендикти бекитүү жөнүндө жогору турган уюмга өтүнүч каттарды жиберүү;
- баланстык комиссиянын отчетторун угуу;
- Окумуштуулар кеңешинин компетенциясына кирген чечимдерди кабыл алуу жана жокко чыгаруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Окумуштуулар кеңеши, эгерде жыйынга курамдын 2/3 кем эмеси катышса чечим кабыл алууга укуктуу.
34. Окумуштуулар кеңешинин чечими, эгерде ага кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн 51%дан кем эмеси добуш берсе кабыл алынды деп эсептелет.
35. Чечимдер ачык же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жана окумуштуулук наамдарын ыйгаруу маселелери боюнча Окумуштуулар кеңешинин чечимдери колдонуудагы нускамага ылайык жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
36. Илимий-методикалык кеңеш тематикалык пландарга жана башка илимий материалдарга ылайык жумушчу программаларды, илимий-изилдөө иштерин аткаруунун календардык пландарын карайт. Илимий материалдарды талкуулайт жана жарыялоо үчүн корутунду берет.
9. Институтту каржылоо жана мүлкү
37. Институттун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- республикалык бюджеттин каражаттары;
- демөөрчүлүк жардамдын, ыктыярдуу жана камкорчулук төгүмдөрүнүн каражаттары;
- Институтка кайрымдуулук же гранттык жардамдын каражаттары;
- биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардын чегерүүлөрү;
- Институттун ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, атайын эсептерде топтолгон каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
38. Институтка бекитилип берилген жер аянттары, имараттар, курулмалар, жабдуулар, орнотмолор, аппаратуралар, транспорт каражаттары, айыл чарба жаныбарлары жана башка мүлктөр негизги каражаттарды түзөт.
Институттун мүлкү мамлекеттик менчиги болуп саналат жана ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген. Институттун оперативдүү башкаруусунда турган мамлекеттик мүлктү пайдалануу жана ээлик кылуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
10. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу
39. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте ишке ашырылат.
40. Иши токтотулган учурда Институттун документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук…Постановление · 06.08.2021 · № 116
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө"…Постановление · 07.03.2024 · № 98
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин асыл тукум иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине…Постановление · 03.03.2023 · № 122
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.