Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Балык чарба департаменти жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 7 марта 2024 года № 98 "О Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-03-07.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
20-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти жөнүндө ЖОБО (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин (мындан ары - Департамент) ишин жөнгө салат жана Департаменттин милдеттерин, функцияларын жана ишинин тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин Балык чарба департаментинин укук улантуучусу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Департамент Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат, ал балык чарбасын башкаруу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, аквакультура, балык уулоо, балык запастарын коргоо, мониторинг жүргүзүү жана көбөйтүү, мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүнүн негизги пайдалануучулары чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуунун бирдиктүү мамлекеттик саясатын ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, министрликтин чечимдерин, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент юридикалык жак болуп эсептелет, уюштуруу-укуктук формасы боюнча - мамлекеттик мекеме, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары жана юридикалык жактын башка атрибуттары болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Департаменттин расмий аталышы:
1) Толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаменти";
- расмий тилде: "Департамент рыбного хозяйства при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики".
2) Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "БЧД";
- расмий тилде: "ДРХ".
Департаменттин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96а. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Департамент өз ишин аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий мекемелер, коомдук уюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар, Министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволору менен өз компетенциясынын чегинде өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
2-глава. Департаменттин максаты
8. Департаменттин максаты балык запастарын сактоонун жана көбөйтүүнүн негизинде балык тармагын туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү, балык продукциясын өндүрүүнү көбөйтүүгө жана Кыргыз Республикасынын калкынын сапаттуу балык продукциясына болгон ички суроо-талабын канааттандырууга багытталган Кыргыз Республикасында аквакультуранын жана балык уулоонун заманбап формаларын жана ыкмаларын активдүү өнүктүрүү болуп эсептелет.
3-глава. Департаменттин милдеттери
10. Департамент төмөнкүдөй милдеттерди чечет:
- балык чарбасы чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- көлмөлөрдө балык өстүрүүнү жогорулатуу жана балык продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү;
- балык уулоону жөнгө салуу максатында суу биологиялык ресурстарына мониторинг жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндөгү балык запастарынын абалын баалоо;
- Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык уулоо, балык запастарын коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү чөйрөсүндө ведомстволук контролду уюштуруу;
- балык запастарын коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө ышкыбоздук жана спорттук балык уулоонун уюшкан түрлөрүн активдүү өнүктүрүү.
4-глава. Департаменттин функциялары
11. Департамент төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
- аквакультураны, балык өстүрүүнү, балык уулоону өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарына мониторинг жүргүзүү, коргоо жана көбөйтүү чөйрөсүндө бирдиктүү тармактык саясатты ишке ашырат;
- балык чарбасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт, балык өстүрүү, балык уулоо, ихтиологиялык мониторингдөө, балык запастарын коргоо жана көбөйтүү жаатында пландарды жана иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, стандарттардын, нормативдердин, ченемдердин, эрежелердин, жоболордун, тартиптердин жана нускамалардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- балык запастарын пайдалануу, көбөйтүү жана коргоо жаатында башкарууну ишке ашырат;
- экономикалык жана экологиялык жактан туруктуу балык чарба ишин колдоо боюнча стратегияларды жана тармактык саясатты, көлмөлөрдө балык өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгууга катышат, балык уулоого жалпы жол берилген көлөмдөрүн белгилейт;
- Кыргыз Республикасында балык, чабак жана асыл тукум материалын өстүрүү үчүн көлмө аянттарын жана суу объекттерин натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча балык чарба субъекттеринин ишин уюштурат;
- бирдиктүү мамлекеттик балык чарба реестрин жүргүзөт;
- балык чарба, балык өстүрүү жана балык уулоо максатында Департаментке берилген көлмөлөрдө балык запастарын сактоо, көбөйтүү жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
2) жөнгө салуу функциялары:
- балык чарба жана балык коргоо ишин, Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын башкарат;
- илимий мекемелер менен макулдашуу боюнча балык запастарын жасалма көбөйтүү боюнча ар жылдык болжолдорду, ошондой эле балык уулоого лимиттерди жана квоталарды белгилейт, Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүнө чабакты жана балыкты коё берүү графиктерин бекитет;
- балык запастарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылат, аларды пайдалануу, коргоо жана көбөйтүү тартибин белгилейт;
- өнөр жайлык балык уулоону, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштурат, балык уулоо режимдерин белгилейт, өнөр жайлык балык уулоого документтерди, балыктын өнөр жайлык түрлөрүн уулоого жана аларды жасалма жол менен көбөйтүү максатында икра даярдоого балык уулоочу билетти, ошондой эле ышкыбоздук жана спорттук балык уулоого карточкаларды жана билеттерди берет;
- балык чарбаларын уюштуруу жана балык уулоону жүргүзүү үчүн балык чарба көлмөлөрүн жана балык уулоочу участокторду бөлүп берет;
3) координациялоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- балык өстүрүүчү ишканалардын, балык заводдорунун, көлмөдөгү, садоктогу жана көлдөгү-товардык балык чарбаларынын иштерин жалпы жетектейт жана координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндөгү балык запастарын коргойт, пайдаланат, мониторинг жүргүзөт жана көбөйтөт;
- укук коргоочу, жаратылышты коргоочу органдар жана мамлекеттик аткаруу бийлигинин башка органдары менен бирдикте урук таштаган балыкты коргоо боюнча иш-чараларды жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча рейддерди уюштурат жана өткөрөт;
- балыктын баалуу өнөр жайлык түрлөрүнүн чабактарын жасалма көбөйтүү, аларды чоңойтуу жана кийин балык чарбалык маанидеги суу объекттерине коё берүү боюнча балык чарба субъекттеринин ишин уюштурат, координациялайт жана жөнгө салат;
- балык чарба субъекттери тарабынан балык запастарын көбөйтүү боюнча милдеттердин аткарылышына, балыкты уулоого (кармоого) белгиленген лимиттердин жана квоталардын сакталышына мониторинг жүргүзөт, көлмөлөрдө кармалган балыкты жана өнөр жайлык балыктын икрасын даярдоону эсепке алат;
- ургаачы жана санын көбөйтүүчү балыктын түрлөрүн, товардык балыкты жана чабак материалын өстүрүү, икраны инкубациялоодо жана чабак өстүрүүдө балык өстүрүү-биологиялык ченемдерди сактоо боюнча балык чарба субъекттеринин ишине мониторинг жүргүзөт;
- балык чарба көлмөлөрүнө коё берилген чабактын жана балыктын байырлашынын көлөмүн, ошондой эле балык уулоонун жол берилген көлөмдөрүн биологиялык негиздөө боюнча ар жылдык ихтиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- суу биоресурстарын жана алардын жашаган чөйрөсүн изилдөө, балык уулоонун жол берилген жалпы көлөмүн аныктоо боюнча жумуштарды уюштурат, ошондой эле балык запастарына мамлекеттик мониторинг жүргүзөт;
- балык уулоонун эрежелерин бузуу фактылары боюнча актыларды жана протоколдорду түзөт, аларды укук коргоо жана сот органдарына өткөрүп берет;
- ихтиологиялык материалды чогултуу жана иштеп чыгуу, балык запастарын, көлмөлөрдүн тоют базасынын абалын аныктоо жана балык уулоону жөнгө салуу максатында атайын балык кармоону уюштурат, илимий мекемелердин жана ихтиологиялык кызматтын кызматкерлерине илимий максатта балык кармоого жана балыкты контролдук кармоого балык уулоо билеттерин жана эсептик документтерди берет;
- менчигинин түрүнө карабастан көлмөдөгү, садоктогу жана көлдөгү товардык балык чарбаларынын эсепке алуу документтерине мониторинг жүргүзөт;
- илимий жана башка уюмдар менен бирдикте балык чарба көлмөлөрүнүн фондуна киргизүү үчүн көлмөлөрдү эсепке алат, инвентаризациялайт жана паспорттоштурат;
- балык чарба маанидеги суу объекттеринде балыктын эндемикалык жана өзгөчө баалуу өнөр жайлык түрлөрүнүн жана суудагы тоют организмдеринин популяцияларынын санын аныктоо жана абалын баалоо боюнча иштерди жүргүзөт;
- балык чарба көлмөлөрүндө, балык уулоочу участоктордо пландуу балык чарба-мелиоративдик иштерди уюштурат жана өткөрөт, көлмөлөрдүн түбүн уулоочу куралдан тазалоо жумуштарды аткарууга, көлмөгө коё берилген участоктордо чабактарга, баалуу эндемикалык балыктардын түрлөрүнө зыян келтирүүчү жырткыч жана анча баалуу эмес балыктарды кармоого уруксат жана балык уулоочу билеттерди берет;
- жер участокторуна балык өстүрүүчү көлмөлөрдү куруу мүмкүндүгү жөнүндө корутундуларды берет;
- балыктын ылаңдарын алдын алуу максатында көлмөлөрдүн жана жасалма көлмөлөрдүн санитардык-эпизоотиялык абалына мониторинг жүргүзүүнү уюштурат;
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
- балык өстүрүү, балык уулоо жана балык көбөйтүү максатында көлмөлөрдү, балык уулоо участокторун жана жасалма көлмөлөрдү пайдаланууга берет, аларды юридикалык жана жеке жактарга бекитип берет;
- балык чарбалык маанидеги суу объекттеринде ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштурат жана өткөрөт;
- кызыкдар субъекттерге суралган көлмөлөр боюнча балык чарбалык мүнөздөмөлөрдү берет;
- балык чарба жаатында мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт;
- балык чарба жаатындагы маалыматтарды чогултат жана алмашат;
- балык уулоо жана аквакультура боюнча маалыматты жана статистикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, талдоо жана жайылтуу боюнча талаптагыдай системаны түзүүнү камсыз кылат;
- балык чарбалык маанидеги суу объекттеринде балык чарба ишин жүргүзүүгө балык өстүрүү-биологиялык негиздемелерди иштеп чыгат;
- кармап алынган урук таштоочу өнөр жайлык балыктарды балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү максатында пайдалангандан кийин аларды сатууну уюштурат;
- балык өстүрүү, балык уулоо, суу биоресурстарын көбөйтүү жана климатташтыруу боюнча маалымдамалык жана маалыматтык материалдарды иштеп чыгат, басып чыгарат жана сатууну ишке ашырат;
5) колдоо көрсөтүү функциялары:
- аквакультураны жана балык уулоочулукту өнүктүрүү, балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуучу балык запастарын көбөйтүү жана суу биоресурстарына мониторинг жүргүзүү жаатында инвестицияларды жана технологияларды тартуу боюнча Министрликке сунуштарды киргизет;
- балык продукциясына маркетингдик изилдөө жүргүзөт жана товардык балыкты өндүрүүнү көбөйтүү боюнча балык тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн аныктайт;
- уруктандырылган икраны жана чабактарды экспорттоону жана импорттоону өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт;
- балык жана балык чарба жөнүндө билимдерди пропагандалоону жана жайылтууну уюштурат, аквакультура, балык уулоо, балык ресурстарын коргоо, көбөйтүү, сарамжалдуу пайдалануу жана балык чарбасын туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, семинарларды жана тренингдерди өткөрөт;
- балык чарбаларына жана балык заводдоруна товардык балык продукциясын өндүрүүдө жана чабакты ар түрдүү стадияларда өстүрүүдө практикалык жана методикалык жардам көрсөтөт, ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте суу объекттеринде жана балык чарбалык жасалма көлмөлөрдө эпизоотияга каршы иш-чараларды өткөрүү боюнча чараларды көрөт;
- балык чарба субъекттерине балык тармагын өнүктүрүүгө тышкы жана ички инвестицияларды тартууга, балык өстүрүү жана балык тоютун чыгаруу боюнча жаңы технологияларды жана жабдууларды сатып алууга көмөк көрсөтөт;
- товардык балыкты жана чабак материалын өстүрүүдө чарбакер субъекттерге жардам көрсөтүү үчүн балык өстүрүүчү адистерди окутуу жана кайра окутуу системасын уюштурат;
- илимий мекемелердин сунуштары боюнча өнөр жайлык балык запастарын көбөйтүү, аларды жасалма жол менен көбөйтүү жана климатташтыруу, балык чарбалык мелиорациялоо жана көлмөлөргө чабакты жана балыкты коё берүү боюнча иштерди уюштурат.
5-глава. Департаменттин укуктары
11. Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- аквакультура, балык уулоо, балык запастарын коргоо, мониторинг жүргүзүү, эсепке алуу жана көбөйтүү жаатында буйруктарды жана методикалык көрсөтмөлөрдү, нускамаларды, эрежелерди жана жоболорду чыгарууга;
- менчигинин түрүнө карабастан балык чарба субъекттеринен кармалган, өстүрүлгөн жана сатып өткөрүлгөн товардык балыктын жана чабак материалы жөнүндө маалыматтарды суроого жана алууга;
- балык өстүрүү-биологиялык негиздемелерди иштеп чыгууга жана өздөштүрүлүүчү көлмөлөрдүн балык өстүрүү-биологиялык потенциалы жана алардын тоют базасы боюнча корутунду берүүгө;
- айыл аймактарында жайгашкан балык чарбалары жана алар өндүрүүчү жана өстүрүүчү балык продукциясынын көлөмү жөнүндө маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан суроого жана алууга;
- товардык балыкты өстүрүү жана балык уулоону уюштуруу максатында балык чарба көлмөлөрүн, көлмөлөрдүн жана дарыялардын айрым участокторун балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн берүүгө;
- Департамент менен илимий мекемелердин ортосунда изилдөөлөрдү координациялоо аркылуу балык тармагында жана аквакультурада изилдөө потенциалын жакшыртуу максатында инвестициялык жана башка каражаттардын эсебинен илимий-изилдөө лабораторияларын түзүүгө;
- сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга;
- балык чарбалык өздөштүрүү үчүн Департаментке берилген көлмөлөрдүн базасында инвестициялык жана башка каражаттардын эсебинен фермердик жана дыйканчылык балык чарба жумушчуларын балык чарбасын жүргүзүүнүн натыйжалуу формаларына жана методдоруна окутуу үчүн чарбалык-эсептик негизде балык өстүрүү-көбөйтүү жана акклиматташтыруу окуу борборлорун түзүүгө;
- ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирдикте базарларда жана дүкөндөрдө сатылуучу балык продукцияларынын сапатын текшерүүнү жана сатып өткөрүү, сактоо жайларында жана кайра иштетүү пункттарында аны пайдалануу үчүн жарактуулугуна изилдөөлөрдү жүргүзүүгө.
6-глава. Департаменттин ишин уюштуруу
12. Департаментти Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Департаментте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарына ылайык министр тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директордун орун басары кызматы каралган. Департаменттин директору жок учурда директордун милдетин анын орун басары аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Директор Департаментке жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
- Департаменттин ишин жалпы жетектейт;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттерди жана өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат, орун басары менен түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт. Департаменттин ишинин өз-өзүнчө багыттарын жетектөө үчүн алардын жоопкерчилик даражасын белгилейт;
- Департаменттин жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдардын сметасын иштеп чыгат жана министрдин бекитүүсүнө берет;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иш пландарын жана иш көрсөткүчтөрүн, ошондой эле алардын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду бекитет.
15. Департаменттин директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарына ылайык Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындоого жана кызматтан бошотууга;
- мамлекеттик органдарда балык чарба маселелери боюнча Департаменттин кызыкчылыгын коргоого, ишеним каттарды берүүгө;
- келишимдерди түзүүгө, ишеним каттарга, Кыргыз Республикасынын банктарында жүргүзүлүүчү операциялар боюнча эсептик жана финансылык документтерге кол коюуга;
- Департаменттин кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Министрликке талапкерлерди сунуштоого;
- Департаменттин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонууга.
16. Департаменттин борбордук аппаратынын түзүмү, штаттык расписаниеси, кирешелер жана чыгашалар сметасы Департаменттин директорунун сунушу боюнча Министрлик тарабынан бекитилет.
7-глава. Департаментти каржылоо жана анын мүлкү
17. Департаменттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын, атайын эсептерде топтолгон каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүшөт.
18. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда белгиленген тартипте өткөрүлүп берилген мамлекеттик имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, инвентарды жана башка мүлктүк товардык-материалдык баалуулуктарды пайдаланат.
8-глава. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
19. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
20. Департаменттин иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук…Постановление · 06.08.2021 · № 116
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө"…Постановление · 07.03.2024 · № 98
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.