Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 7 марта 2024 года № 98 "О Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-03-07.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
10-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө ЖОБО (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик жер жана суу инспекциясынын укук улантуучусу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) чечимдерин жана башка актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кызмат мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
Кызматтын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 "А". (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кызматтын расмий аталышы:
1) толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба миннстрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат";
- расмий тилде: "Служба по земельному и водному надзору при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики";
2) кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Жерсуукөзөмөл кызматы";
- расмий тилде: "Служба земводнадзора".
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кызмат өз ишин Министрликтин жетекчилигинде жүргүзөт, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кызматтын максаты
7. Кызматтын максаты Кыргыз Республикасынын жер жана суу мамилелери жаатындагы мыйзамдарынын ченемдерин жана талаптарын сактоону камсыз кылууга мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду ишке ашыруу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кызматтын милдеттери
8. Кызматтын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жер жана суу мамилелери жаатындагы ченемдик укуктук актылардын жана техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын камсыз кылуу;
- жер мыйзамдарына ылайык мамлекеттин жана жарандык-укуктук жер мамилелеринин бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо;
- өзүнүн компетенциясына ылайык жер жана суу укук бузууларын алдын алуу жана бөгөт коюу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кызматтын функциялары
9. Кызмат белгиленген иш чөйрөсүндө төмөнкү функцияларды аткарат:
1) контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары:
белгиленген тартипте төмөнкүлөргө контроль жүргүзөт: жер жана суу укук мамилелери чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын аткарылышына;
- жер балансынын, жерлерди пайдалануу тууралуу, ошондой эле бош жер фондунун болушу жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү маалыматтардын аныктыгына;
- жерди жакшыртуу, топурактын эрозиясын, шор басышын, сазга айлануусун, суу басышын, чөлгө айланышын, кургакчылыкка учурашын, катып калышын, булганышын жана жердин дегредация болушуна алып келүүчү башка процесстердин кесепеттерин болтурбоо жана жоюу боюнча иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышына;
- топурак кыртышы бузулган жер участокторуна рекультивация жүргүзүүгө, рекультивациялоо долбоорлорун даярдоого жана жерлерди калыбына келтирүүгө финансы чыгымдарын долбоорлорго киргизүүгө;
- жерге жайгаштыруу долбоорлорунун, жерлердин булганышына жана деградация болушуна алып келүүчү процесстерди алдын алуу жана жоюу, жерлерди пайдалануу жана коргоо боюнча башка долбоорлордун жана иш-чаралардын аткарылышына;
- жерлердин сандык жана сапаттык абалынын өзгөрүүлөрүнө;
- Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдарында каралган юридикалык жана жеке жактардын - суу пайдалануучулардын укуктарынын сакталышына;
- суу мыйзамдарынын талаптарына ылайык көз карандысыз суу пайдалануу субъекттеринин менчигиндеги жана башкаруусундагы, ошондой эле муниципалдык менчиктеги суу чарба инфратүзүмүнүн объекттерин, суу чарба курулмаларын күтүүнү камсыз кылууга;
- өзүм билемдик менен суу пайдалануу, суу фондунун жерлеринде орнотмолорду жана түзүлүштөрдү куруу, суу чарба курулмаларына зыян келтирүү, аларды эксплуатациялоо жана коопсуз иштөөсүнүн ченемдерин жана эрежелерин бузуу фактыларын аныктоого;
- курулуш, жээктерди коргоо, суунун түбүн тереңдетүү жана тазалоо иштерин жүргүзүүгө, кум-шагыл таш материалдарын казууга, суу объекттеринде кабелдерди, түтүктөрдү жана башка коммуникацияларды төшөөгө;
- жер жана суу укук мамилелеринин мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келүүсү боюнча объекттерди курууга жана эксплуатациялоого, ошондой эле аларды реконструкциялоого, кеңейтүүгө, техникалык кайра жабдууга, капиталдык оңдоого жана башка иштерге;
- көз карандысыз суу пайдалануучу субъекттердин менчигинде жана башкаруусунда, ошондой эле муниципалдык менчиктеги суу чарба инфратүзүмүнүн объекттерин жана суу чарба курулмаларын күтүү ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышына;
- суу ресурстарынын пайдаланышына;
- суу пайдалануучулардын укуктарынын бузулушуна жана суу мыйзамдарын башка бузууларга;
тиешелүү органдар менен биргеликте төмөнкүлөр боюнча иш-чараларга катышат:
- суу объекттеринин техникалык абалынын начарлашын алдын алуу;
- суу чарба курулмаларынын техникалык абалын жакшыртуу жана коопсуздугун камсыздоо;
- жер кыртышынын күрдүүлүгүнө, ирригациялык инфратүзүмгө, өнөр жай жана жарандык объекттерге суулардын зыяндуу таасирин алдын алуу;
- жерлерди бир категориядан башкага жана жерди бир түрдөн экинчисине которууда (трансформациялоодо) тиешелүү документтерди макулдашууга катышат;
белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн сакталышын көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашырат:
- жер участокторун өзүм билемдик менен ээлеп алууга, жер участокторун өзүм билемдик менен алмашууга жана жер участокторун аларга белгиленген тартипте таризделген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерсиз, ошондой эле тиешелүү документтерсиз жол бербөө жөнүндө жер мыйзамдарынын талаптарынын;
- убактылуу пайдаланууга берилген жерлердин өз учурунда кайтарылышы боюнча талаптардын;
- ыйгарым укуктуу шаар куруу жана архитектура органдары тарабынан архитектуралык-шаар куруу, уруксат берүү документтерин берүүдө жана жерлерди максаттуу багыттары боюнча пайдалануу үчүн жарактуу абалга келтирүү боюнча милдеттерди аткарууда жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдалануу (шаарлардын, калктуу конуштардын башкы пландарына ылайык) тууралуу жер мыйзамдарынын талаптарынын жана шаар куруу ченемдеринин;
- жер участогуна менчик укугу же пайдалануу укугу катталган укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн максаттуу багытын өзүм билемдик менен өзгөртүүгө жол бербөө тууралуу жер мыйзамдарынын талаптарынын;
- жер участокторунун чек белгилеринин болушу жана сакталышы боюнча талаптардын;
- менчигинин түрүнө, ведомстволук таандыгына карабастан мекемелердин жана уюмдардын, ошондой эле кызмат жана жеке адамдардын жер жана суу укук мамилелер жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын, ченемдеринин жана эрежелеринин;
- жер участогуна укуктарды каттоодо жана жергиликтүү каттоо органдары тарабынан укук берүүчү документтерди берүүдө жер укук мамилелери жаатындагы ченемдик укуктук актылардын;
- суу ресурстарын, объекттерди жана суу чарба курумаларын пайдалануу боюнча ченемдерди жана эрежелерди сактоо боюнча суу мыйзамдарынын талаптарын;
2) колдоо функцияларын:
- тейлеген чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ишке ашыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарына тиешелүү маселелер боюнча комиссиялардын ишине катышат;
- жер жана суу укук мамилелери боюнча талаш-тартыш маселелерди кароого катышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык) Берилген Жобонун 9-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 9-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
5. Кызматтын укуктары
10. Кызмат төмөнкүлөргө укуктуу:
- менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан бардык уюмдарда Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарына ылайык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
- менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын жер жана суу жөнүндө мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптарды (дооматтарды) коюуга;
- адамдардын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу менен байланышкан шашылыш учурларда (экологиялык жана техногендик мүнөздөгү авария же коркунуч пайда болгондо) сутканын убактысына карабастан, адамдардын ден соолугунун абалына жана айлана-чөйрөгө жол берилбес таасир этүүлөрдүн себептерин жана булактарын аныктоо боюнча жазуу жүзүндөгү жолдомосуз дароо текшерүү жүргүзүүгө жана аларды жоюу боюнча чараларды көрүүгө;
- мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга текшерүүдө аныкталган жер жана суу мыйзамдарын бузууларды жоюу тууралуу милдеттүү түрдө аткаруу үчүн милдеттүү болгон эскертүүлөрдү (билдирүүлөрдү, көрсөтмөлөрдү) берүүгө;
- мыйзам бузуунун мүнөзүн эске алуу менен негизделген мыйзам бузууларды мөөнөтүндө жоюуну талап кылууга;
- бузуулар жөнүндө материалдарды кароого, юридикалык жана жеке жактарга, кызмат адамдарына жана кызматкерлерге айыптарды жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде башка түрдөгү жазалардын түрлөрүн салууга;
- суу чарба объекттерин жана курулмаларын эксплуатацияга кабыл алууга катышууга;
- бузууга жол берген адамдарды Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн материалдарды көзөмөлдөө, сот жана укук коргоо органдарына берүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде маселелерди кароо үчүн эксперттердин жана адистердин арасынан белгиленген тартипте жумушчу топторду түзүүгө;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, юридикалык жана жеке жактардан көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды, жер жана суу коопсуздугунун абалы тууралуу, ошондой эле жерлерди пайдалануу жана коргоо жөнүндө маалыматтарды суроого жана акысыз алууга;
- мамлекеттик органдарга (лицензиарларга) лицензиялардын, уруксаттардын жана күбөлүктөрдүн колдонуу шарттары аткарылбаган же жер жана суу мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуулар аныкталган учурда колдонулушун токтотуу жөнүндө же болбосо аларды чакыртып алуу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
- сууну эсепке алуу приборлорунун жана түзүлүштөрүнүн болушун, ошондой эле алардын абалын жана колдонуу шарттарынын Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишин текшерүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарына ылайык аны сарамжалдуу пайдалануу максатында жер жана суу фондунун абалына мониторинг жүргүзүүгө;
- юридикалык жана жеке жактар тарабынан жерди коргоо жана суу ресурстарын пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко доолорду билдирүүгө;
- максаттуу багыты боюнча эмес пайдаланылган же Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу менен пайдаланылган жер участокторун мажбурлап алуу жөнүндө сотко доолорду билдирүүгө;
- жер жана суу укук мамилелери жаатындагы мыйзамдарды бузуулар боюнча түшүндүрүүлөр үчүн уюмдардын жетекчилерин жана башка кызмат адамдарын, ошондой эле жарандарды чакырууга;
- министрликтин, ведомстволордун жана уюмдардын жетекчилерине жер жана суу укук мамилелери жаатындагы мыйзамдарды системалуу түрдө бузган кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- бекитилген үлгүдөгү айырмалоо белгилери бар формалык кийимди кийип жүрүүгө;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырууга жана эл аралык уюмдарда катышуучу (мүчө) катарында белгиленген тартипте чыгууга;
- Министрликтин кароосуна жер жана суу укук мамилелери жаатындагы контролдоо-көзөмөлдөө иштерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кызматтын ишин уюштуруу
11. Кызматты Кыргыз Республикасынын жер жана суу ресурстары боюнча башкы мамлекеттик инспектору болуп саналган директор жетектейт.
12. Кызматтын директору Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кызматта директордун орун басарынын кызмат орду каралган.
Кызматтын директорунун орун басары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган тартипте министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Кызматтын директорунун милдетин аткаруу ал жок учурда анын орун басарына жүктөлөт. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Кызматтын директору:
- Кызматтын ишине жалпы жетекчилик кылат жана Кызматка жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин башка мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Кызматтын атынан чыгат;
- Кызматтын кызматкерлеринин эмгек акы төлөө фондунун белгиленген ченемдеринин жана штаттык санынын чегинде Кызматтын борбордук аппаратынын жана региондук инспекторлорунун түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана чыгымдар сметасын иштеп чыгат жана министрге бекитүүгө берет.
Мында директорду дайындоо Кызматтын түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- Кызматтын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кызматтын системасынын кызматкерлерине карата тартип жазасынын мыйзамда белгиленген түрлөрүн колдонот;
- буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- зарыл болгон учурда даттанууларга жана арыздарга ыкчам чара көрүү үчүн комиссияларды түзөт;
- Кызматтын, ошондой эле анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Кызмат системасынын кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;
- Кызмат системасынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана башка сыйлыктары менен сыйлоого сунуштайт;
- Кызматтын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Кызматтын Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарын ишке ашырууга мамлекеттик контроль жана көзөмөл жүргүзүү укуктары берилген кызматкерлери багыттар боюнча мамлекеттик инспекторлор болуп саналышат жана аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кызматтын кызмат адамдары белгиленген тартипте бекитилген эскертүүлөрдүн бланктарын жана отчеттуулук формаларын колдонушат.
Кызматтын кызмат адамдары кызматтык милдеттерин аткарууда ээлеген кызмат ордуларына жараша айырмалоочу белгилери бар алар үчүн белгиленген форманы кийип жүрүүгө тийиш. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Кызматтын органдарынын кызматкерлерин укуктук жана социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жоопкерчилик
18. Кызматтын кызмат адамдары аларга жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган, укукка каршы аракеттерди жасаган (жасабаган) учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, администрациялык, материалдык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Мүлк жана финансы
19. Кызмат белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Кызматтын ишин каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кайра уюштуруу жана жоюу
21. Кызматтын ишин кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Иши токтотулган учурда Кызматтын документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук…Постановление · 06.08.2021 · № 116
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө"…Постановление · 07.03.2024 · № 98
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.