Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Токой чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген)
5-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы жөнүндө ЖОБО (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы (мындан ары - Кызмат) жөнүндө бул жобо Кызматтын ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, анын максаттарын, милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кызмат Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Токой чарба мамлекеттик агенттигинин укук улантуучусу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кызмат Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кызмат юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсеби жана башка эсептери бар. Мамлекеттик мүлк ыкчам башкаруу укугунда ага бекитилип берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кызматтын уюштуруучулук-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кызматтын каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кызматтын расмий аталышы:
1) толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы";
- расмий тилде: "Лесная служба при Министерстве сельского хозяйства Кыргызской Республики";
2) кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "ТК"; расмий тилде: "ЛС". (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Кызматтын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Л.Толстой көчөсү, 3.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Ушул Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүргүзүлөт.
2. Кызматтын максаты
11. Кызматтын ишинин максаты токой экосистемаларын сактоо жана өнүктүрүү, мамлекеттик токой фондунун аймагында токой чарбасын сарамжалдуу жүргүзүү, ошондой эле биотүрдүүлүктү эсепке алуу менен токой экосистемаларынын туруктуу өнүгүүсүн жана иштөөсүн камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын токой аңчылык жайгаштыруусун ишке ашыруу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кызматтын милдеттери
12. Кызматтын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- токой экосистемаларынын талаптагыдай сапаттуу абалын камсыз кылуу, республиканын аймагынын токойлуу аянтын көбөйтүү, токой тармагындагы башкаруунун инновациялык методдорун өнүктүрүү;
- токой ресурстарын эсепке алууну, абалын баалоону камсыз кылуу, токой ресурстарын пайдаланууну жөнгө салуу;
- пландаштырылган башкаруучулук, чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашыруунун мүмкүн болгон терс кесепеттеринин токой экосистемаларына таасир этүүсүн алдын алуу;
- токой чарбалары тарабынан токойлорду өрттөн жана токой бузуулардан коргоого, токойлорду зыянкечтерден жана илдеттерден сактоого, токой экосистемаларын өнүктүрүүгө, жыгач жана жыгач эмес токой ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга багытталган токой-чарбалык иш-чараларды өткөрүүгө колдоо көрсөтүү;
- токой фондунун аймагында биотүрдүүлүктү сактоону, калыбына келтирүүнү жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу;
- мамлекеттик токой фондунун аймагында биотүрдүүлүк ресурстарынын абалын баалоо, аларды талдоо жана өзгөрүүлөрдү болжолдоо чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
- мамлекеттик токой фондунун аймагында биотүрдүүлүк объекттерин сарамжалдуу пайдаланууга көмөк көрсөтүү;
- токой аңчылык жайгаштыруу, токой ресурстарын, флораны жана фаунаны эсепке алуу жана абалын баалоо, аларды туруктуу башкаруу боюнча иш-чараларды пландоо;
- токой экосистемаларынын ресурстарын инвентаризациялоо жана аларды туруктуу башкаруу боюнча иш-чараларын пландоо;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, калктын жана башка кызыкдар жактардын токой экосистемаларынын жана мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүнүн абалы жөнүндө, токой чарбасынын субъекттеринин иши жөнүндө маалымдуулугунун даражасын (деңгээлин) жогорулатуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кызматтын функциялары
13. Кызматтын жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу чөйрөсүндө:
- токой чарбасын комплекстүү башкаруу, мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүн сактоо жана аларды сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле токой аңчылык жайгаштыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, токой чарбасын жүргүзүү жана токой фондунун биотүрдүүлүгүн сактоо, токой ресурстарын коргоо, сактоо, калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу жаатында иштелип чыгуучу мамлекеттик программаларга сунуштарды иштеп чыгат жана Министрликке киргизет;
- кызыкдар болгон мамлекеттик органдар жана илимий мекемелер менен биргеликте мамлекеттик программалардын стратегиясын жана саясатын, биотүрдүүлүктү сактоонун жана мамлекеттик токой фондунун ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун аймактык комплекстүү схемаларын иштеп чыгууга катышат;
- Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды ишке ашырууга, ошондой эле Министрлик менен макулдашуу боюнча донорлордун жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен (финансылык, техникалык) ишке ашырылуучу долбоорлорго, программаларга катышат;
- инвестицияларды, гранттык каражаттарды тартуу жана токой чарбасы боюнча алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу, токой фондунун биотүрдүүлүгүн сактоо, калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Министрликке киргизет;
- мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгү, токой чарбасын башкаруу жаатында, ошондой эле Министрлик менен макулдашуу боюнча токой аңчылык жайгаштыруу маселелери боюнча чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен белгиленген тартипте кызматташууну жүзөгө ашырат;
- токой чарбаларынын ишин уюштурат;
- токой чарбасын жүргүзүүнү, токой ресурстарын коргоону, токой пайдаланууну жана калыбына келтирүүнү, токойлорду өрттөн сактоону, өзүм билемдик менен кыюуну, токойлорду зыянкечтерден, илдеттерден жана токойго зыян келтирүүчү башка аракеттерден коргоону уюштурат;
- кызыкдар тараптарга токойду калыбына келтирүү жана санитардык абалын сактоо, токойлордун өсүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, коргоочу жана эрозияга каршы токой өсүмдүктөрүн түзүү, ошондой эле социалдык токой өстүрүүнү жана агротокойчулукту өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
- токой экосистемаларынын, мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүнүн, анын ичинде токой аңчылык жайгаштырууну жүргүзүүнүн, токой фондун эсепке алуунун жана токойлорду инвентаризациялоонун абалына мониторинг жүргүзөт;
2) координациялоо чөйрөсүндө:
- жеке жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар тарабынан жаратылышты коргоо жана токой мыйзамдарынын талаптарынын, мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүнун объекттерин пайдалануунун белгиленген эрежелеринин жана ченемдеринин сакталышын камсыз кылуу боюнча иш-чараларды уюштурат;
- токой чарбасын жүргүзүүгө, токой фондун эсепке алууга, токой ресурстарын сактоого, пайдаланууга жана калыбына келтирүүгө, токойлорду өрттөн сактоого, өзүм билемдик менен кыюуларга, токойду зыянкечтерден, илдеттерден жана токой чарбасына зыян келтирүүчү башка аракеттерден коргоого мамлекеттик, ведомстволук контроль жана мамлекеттик мониторинг жүргүзөт;
- токой жайыттарын сарамжалдуу пайдалануу, мамлекеттик токой фондунун участокторун рекреациялык жана башка максаттарда пайдалануу маселелерин координациялайт;
- табигый процесстерге мониторинг, флораны жана фаунаны инвентаризациялоону жүзөгө ашырат;
- токой чарбаларында экологиялык туризмди жана экоагартууну уюштуруу боюнча иш-чараларды координациялайт;
- токой аңчылык жайгаштыруу боюнча иштерди координациялайт;
- жаратылышты коргоо жана токой мыйзамдарын бузууларга бөгөт коюу жана алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;
- төмөнкүлөр боюнча юридикалык жактардын (менчигинин түрүнө карабастан) ишин координациялайт:
мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүнүн объекттери боюнча эсепке алуу, кадастрдык жана мониторингдик иштерди жүргүзүү; коргоочу жана биотехникалык иш-чараларды пландоо, уюштуруу жана жүргүзүү;
- өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, алар байырлаган (жүргөн) жана өскөн чөйрөнү коргоону уюштурат жана жүзөгө ашырат, мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүнүн объекттерине таасир этүүчү менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча белгиленген тартипте чараларды көрөт;
- өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууну контролдоо постторунун ишин белгиленген тартипте уюштурат жана координациялайт, алардын ишин жүргүзүүгө катышат;
- жаратылышты коргоо жана токой мыйзамдарын бузууларга бөгөт коюу, аныктоо жана алдын алуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенет;
3) жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- токой ресурстарын башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырат;
- пландык жана пландан тышкаркы токой аңчылык жайгаштыруу долбоорлорун, картографиялык материалдарды жана токой аңчылык жайгаштыруунун башка документтерин бекитет;
- токой экосистемаларын өнүктүрүү жана биотүрдүүлүктү сактоо чөйрөсүндөгү топографиялык-геодезиялык, картографиялык, аэро жана космофотого тартуу материалдарын эсепке алуу, сактоо жана берүү боюнча иштерди жүргүзөт;
- токой чарбаларын башкаруу пландарын бекитет;
- мамлекеттик токой фондунун аймагындагы токой жайыттарын пайдалануу менен байланышкан, токой пайдалануу, токой өстүрүү боюнча иш-чараларды аткаруу, токойду калыбына келтирүү, токойду коргоо жана сактоо жана биотүрдүүлүктүн башка ресурстарын пайдалануу маселелерин жөнгө салат;
- мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүнүн объекттерин пайдаланууга уруксат берүү документтерин берет, токтото турат жана жокко чыгарат;
- белгиленген тартипте өзгөчө баалуу дарак породаларын кыюуга уруксаттарды берет;
- санитардык кыюуга жана башка кыюуга, токой өсүмдүктөрүн багуу иретиндеги кыюуларга, токойду санитардык тазалоого, мамлекеттик токой фондунун аймагында дары-дармек өсүмдүктөрүн, козу карындарды жана мөмө-жемиштерди жыйноого уруксаттарды берет;
- белгиленген тартипте токой ресурстарын жана мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүнүн объекттерин пайдалануу үчүн төлөмдөрдү алууну жүзөгө ашырат;
- мамлекеттик органдар, илимий мекемелер менен биргеликте жаратылыш компоненттерин (объекттердин) жана ресурстарын эсепке алат, абалын баалайт;
- мамлекеттик токой фондунун аймагында юридикалык жана жеке жактардын калыбына келтирүү жана коргоо иш-чараларын жүргүзүүлөрү боюнча алардын пландарын макулдашат;
- белгиленген тартипте токой чарбаларынын аймагына кире бериштеги контролдоо постторунун ишин жөнгө салат;
4) кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө:
каржылоо тапшырыкчылардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү пландан тышкаркы токой аңчылык жайгаштыруу жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт;
- мыйзамдарга ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт;
5) ишке колдоо көрсөтүү чөйрөсүндө:
- флора, фауна, токой фонду боюнча, анын ичинде пайдалануучулардын мамлекеттик маалыматтар базасын түзүүнү, жүргүзүүнү жана жаңылоону, бул маалыматтарды талдоону, тиешелүү маалыматтык материалдарды даярдоону жана басып чыгарууну жүзөгө ашырат;
- коомдук (штаттан тышкаркы) инспекторлордун (кошуунчулардын) тармагын түзөт;
- жаратылыш, туруктуу өнүктүрүү принциптери, жашыл өсүш жөнүндө билимдерди жайылтууну жана пропагандалоону уюштурат, токой экосистемаларын өнүктүрүү жана токой фондунун биотүрдүүлүгүн сактоо, токой чарбасын өнүктүрүү жаатында сынактарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды жана башка коммуникативдик иш-чараларды өткөрөт;
- токой чарбаларынын токой ресурстарына мониторинг жүргүзүү, токой фондун эсепке алуу, токойлорду калыбына келтирүү, токой кадастры үчүн маалыматтарды түзүү жана пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүүсүнө көмөк көрсөтөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде токой ресурстарын жана токой фондунун биотүрдүүлүгүн коргоо, калыбына келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу, алардын абалын изилдөө чөйрөсүндө чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу программаларына; белгиленген тартипте экологиялык маалыматтарды жыйноого жана алмашууга; Кыргыз Республикасын эл аралык деңгээлде көрсөтүүгө катышат;
- өзүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү жана чектеш функцияларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумдарды, макулдашууларды, регламенттерди, көрсөтмөлөрдү түзүүнү ишке ашырат;
- токой ресурстарын жана токой фондунун биотүрдүүлүгүн иликтөөгө (изилдөөгө), сактоого, калыбына келтирүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга багытталган чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен меморандумдарды, макулдашууларды, келишимдерди түзүү боюнча Министрликке сунуштарды киргизет жана анын атынан функцияларды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Кызмат юридикалык жана жеке жактардан келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды карайт, ошондой эле анын компетенциясына кирген маселелер боюнча кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүүгө катышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кызматтын укуктары
15. Кызмат өзүнө жүктөлгөн функцияларга ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- Министрликтин коллегиясынын жыйындарында токойлорду өстүрүү, токойлорду калыбына келтирүү, токойлорду коргоо жана сактоо, мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүн сактоо жана туруктуу пайдалануу, технологияларды киргизүү ж.б. маселелер боюнча милдеттерди жана функцияларды аткаруу жөнүндө ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин отчетторун угуу тууралуу Министрликке сунуштарды киргизүүгө;
- эгерде мамлекеттик токой фондунун аймагында же жакын жайгашкан менчигинин түрүнө карабастан ишканаларды же башка объекттерди эксплуатациялоо жаратылышты коргоо мыйзамдарынын, жаратылышты пайдаланууга лицензиялардын жана уруксаттардын талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылып жатса, алардын ишин токтото турууга;
- илимий уюмдар менен макулдашуу боюнча республиканын (анын ичинде мамлекеттик токой фондунун) аймагын байырлаган (өсүп жаткан) өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын объекттерине зыян келтириши же адамдардын ден соолугуна зыян тийгизиши мүмкүн болгон өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга, коё берүүгө, көчүрүүгө жана климатташуусуна жол бербөөгө чараларды көрүүгө;
- мыйзамда белгиленген тартипте кармалган, алынган же конфискацияланган, мыйзамсыз алынган жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин, ошондой эле алардан алынган буюмдарды белгиленген тартипте сактоо же сатуу үчүн мамлекеттик органдардан, коомдук уюмдардан жана бирикмелерден, ошондой эле жеке адамдардан кабыл алууга;
- токойду пайдаланууну жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактардан зарыл болгон маалыматтарды, токой экосистемаларынын жана токой фондунун биотүрдүүлүгүнүн объекттеринин абалы жөнүндө, токойлорду өстүрүү, токойлорду калыбына келтирүү, токойлорду сактоо жана коргоо боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө маалыматтарды алууга;
- мамлекеттик жана жумушчу комиссиялардын жаңы (реконструкцияланган, кеңейтилген, технологиялык жактан кайра жабдылган, жоюлган) объекттерди кабыл алуу жана эксплуатацияга киргизүү, объекттердин жайгашкан жерин тандоо жана ведомстволук аймактарда чарбалык иш жүргүзүү үчүн жер бөлүп берүү боюнча ишине катышууга;
- эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга, өзүнүн компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте Министрлик менен макулдашуу боюнча эл аралык келишимдерди түзүүгө;
- токой кыюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн жыгач берүүгө наряд берүүгө;
- жаратылышты коргоо маселелерин чечүү, токой ресурстарын жана токой фондунун биотүрдүүлүгүн коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды иштеп чыгуу үчүн илимий-техникалык, эксперттик жана башка кеңештерди, топторду жана комиссияларды түзүүгө; эксперттик корутундуларды берүүгө;
- окумуштуулардын, коомдук ишмерлердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес жана коомдук уюмдардын, окуу жайларынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана жарандардын арасынан түзүлүүчү консультативдик, коомдук кеңештерди түзүүгө;
- пландык жана пландан тышкаркы токой аңчылык жайгаштыруу долбоорлорун бекитүүгө;
- илимий, окутуу-консультациялык, маалыматтык жана башка иштерди жүргүзүүгө;
- мамлекеттик токой фондунун аймагында текшерүүгө, кароого, кармоого жана документтерин, жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууларды жасоо шаймандарын (предметтерди), транспорт каражаттарын, мыйзамсыз алынган жаратылыш, анын ичинде жаныбар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин мыйзамда белгиленген тартипте алып коюуга;
- белгиленген тартипте мамлекеттик токой фондунун аймагында жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактыларын жана өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине, алар байырлаган (жүргөн) жана өскөн чөйрөгө зыян келтирүүчү башка укукка каршы аракеттерди алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга, аныкталган бузуу фактылары боюнча протоколдорду, актыларды жана башка материалдарды түзүүгө, келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө күнөөлүү адамдарга дооматтарды коюуга; күнөөлүү жактарды белгиленген жоопкерчиликке тартууга жана аларга жаза колдонуу үчүн тиешелүү иштер боюнча материалдарды укук коргоо, сот органдарына, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын компетенцияларына ылайык өткөрүп берүүгө;
- өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине, алар байырлаган (жүргөн) жана өскөн чөйрөгө зыян келтирүүчү жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактыларын жана башка укукка каршы аракеттерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча Кызматтын кызматкерлери (кызматчылары), өндүрүштүк, коомдук контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу жактар тарабынан түзүлгөн материалдарды (протоколдорду, актыларды жана башка материалдарды) кароого кабыл алууга;
- белгиленген тартипте материалдарды кароого жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө күнөөлүү адамдарга дооматтарды коюуга;
- күнөөлүү жактарды мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартууга жана аларга жаза колдонууга;
- юридикалык жана жеке жактар тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын, пайдалануучулар тарабынан мамлекеттик токой фондунун аймагында чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдердин жана макулдашуулардын шарттарынын сакталышын белгиленген тартипте текшерүүгө;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, калыбына келтирүү (өстүрүү) жана пайдалануу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн текшерилип жаткан юридикалык жана жеке жактарга мамлекеттик токой фондунун аймагында аныкталган кемчиликтерди жана бузууларды четтетүү жөнүндө эскертүүлөрдү берүүгө;
- токой фондунун аймагында жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарба жүргүзүүчү субъекттер, жеке жактар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууга;
- Кызмат тарабынан берилүүчү уруксат берүү документтерин, ошондой эле мамлекеттик бийликтин башка органдарынын уруксаттарын көрсөтүүнү талап кылууга жана текшерүүгө (бар экендигин жана түзүүнүн мыйзамдуулугун);
- текшерилүүчү адамдардын транспорт каражаттарын, буюмдарын, кол жүгүн, багажын, аңчылык, балык уулоо/чогултуу шаймандарын, башка предметтерин, ошондой эле алынган продукцияларын белгиленген тартипте карап чыгууга;
- мамлекеттик токой фондунун аймагында жаратылыш коргоо мыйзамдарын бузгандардан өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн ресурстарын мыйзамсыз пайдалануу шаймандарын (курал-жарак, капкан, тор ж.б.) белгиленген тартипте убактылуу алып коюуга жана аларды соттун чечими боюнча конфискациялоого;
- юридикалык жана жеке жактардан мамлекеттик токой фондунун аймагында мыйзамсыз алынган (сатып алынган) өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин же продукциясын, ошондой эле алардан жасалган буюмдарды белгиленген тартипте алып коюуга; аларды белгиленген тартипте пайдаланууга, сатууга же жок кылууга;
- жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуунун жана жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине, алар байырлаган (жүргөн) жана өскөн чөйрөгө зыян келтирүүчү укукка каршы башка иш-аракеттердин аныкталган фактылары боюнча өзүнүн компетенциясына ылайык протоколдорду (актыларды) түзгөн жактарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринде белгиленген өлчөмдөрдө сый акыларды төлөөгө;
- өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты мамлекеттик органдардан, башка мекемелерден жана уюмдардан суроого жана алууга;
- археологиялык жана геологиялык жаратылыш эстеликтерин изилдөөдө, сактоодо жана пайдаланууда көмөк көрсөтүүгө;
- токой чарбаларынан жана башка чарбалардан жазгы жана күзгү кыдырып текшерүүлөр, жазгы токой өстүрүү боюнча иштерди техникалык кабыл алуу, токой өсүмдүктөрүн жана питомниктерди инвентаризациялоо боюнча жыйынды маалыматтарды кабыл алууга;
- токой чарбаларынан иштин жыйынтыгы боюнча квартал сайын финансылык-чарбалык отчетторду кабыл алууга;
- иши токой ресурстарына жана токой фондунун биотүрдүүлүгүнө таасирин тийгизген юридикалык жана жеке жактардан (анын ичинде чет өлкөлүк) укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү документтердин көчүрмөлөрүн, маалыматтарды, маалымкаттарды, көчүрмөлөрдү, ошондой эле белгиленген отчеттуулукту белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- өз алдынча, ошондой эле Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга;
- токой ресурстарын жана мамлекеттик токой фондунун биотүрдүүлүгүн коргоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу чөйрөсүндө иш жүргүзгөн, ошондой эле токой фондунун биотүрдүүлүгүнүн объекттерине жана алар байырлаган/өскөн чөйрөгө таасир этүү менен байланышкан иштин түрүн жүргүзгөн юридикалык жактарга консультациялык жана методикалык жардам көрсөтүүгө;
- токой ресурстары жана токой фондунун биотүрдүүлүгү жөнүндө билимдерди пропагандалоого жана жайылтууга; Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана анын илимий институттарынын, башка илимий уюмдардын, жогорку окуу жайларынын кызматкерлерин, айрым адистерди (көз карандысыз эксперттерди), башка кызыкдар болгон юридикалык жана жеке жактарды, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү тейлеген чөйрөсүндө илимий-изилдөө жана токой аңчылык жайгаштыруу иштерин жүргүзүү үчүн тартууга (анын ичинде келишимдик негизде);
- өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, алар байырлаган (жүргөн) жана өскөн чөйрөнү коргоо боюнча иштерге жеке жактарды ыктыярдуу негизде, штаттан тышкаркы инспекторлор катары тартууга;
- көмөкчү чарбаларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кызматтын кызматкерлери айырма белгилери менен бекитилген үлгүдөгү формалык кийим кийүүгө, кызматтык куралды жана атайын каражаттарды (транспорт, байланыш, кишен, желим таяк, жаш агыза турган заттарды) сактоого, алып жүрүүгө жана колдонууга, кызматтык милдеттерин аткарууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген тартипте күч колдонууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Кызмат тейлеген тармагындагы республикалык айлана чөйрөнү коргоо органынын укуктарына ээ жана Кыргыз Республикасынын токой чарбасы жана биотүрдүүлүктү сактоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык Министрлик тарабынан өткөрүлүп берилген функцияларды аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кызматтын ишин уюштуруу
18. Кызматты Министрликтин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Кызматтын директорунун орун басарлары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган тартипте министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде Кызматтын ишин уюштурат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Кызматтын директору:
- Кызматтын ишине жалпы жетекчилик кылат жана Кызматка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен мамилелерде Кызматтын атынан чыгат;
- Кызматтын борбордук аппаратынын, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана чыгымдар сметасын иштеп чыгат жана министрге бекитүүгө киргизет;
- бош кызмат орундарын ээлөөгө министрге номенклатурасына ылайык сунуштарды киргизет;
- номенклатурага ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин негизинде Кызматтын мамлекеттик кызматчыларын жана кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, Кызматтын мамлекеттик кызматчылары жана кызматкерлери менен эмгек келишимдерин (контракттарды), анын ичинде Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери, жетекчинин орун басарлары жана башкы бухгалтерлери менен мөөнөттүү эмгек келишимдерин (контракттарды) түзөт;
- Кызматтын кызматкерлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- Кызмат системасынын кызматчыларына (кызматкерлерине) карата белгиленген тартипте сыйлоонун жана тартиптик жазалардын түрлөрүн колдонот;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
- аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдүн мыйзамдарга каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Кызмат системасынын кызматкерлерин Министрликтин ведомстволук сыйлыктары, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектери менен сыйлоо жөнүндө сунуш киргизет;
- Кызматтын системасынын айырмаланган кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, министрликтердин жана ведомстволордун сыйлыктары, ошондой эле Министрликтин сыйлыктары жана төш белгилери менен сыйлоого сунуштоо жөнүндө Министрликке өтүнүч берет;
- Кызматтын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн пландарын бекитет;
- Кызматтын техникалык кеңешинин жыйындарын өткөрөт жана Кызматтын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн техникалык кеңештеринин жыйындарына катышат;
- Кызматтын ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- министр тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу кызматкерлерди кошпогондо, Кызматтын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин бекитет;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кызматтын кызматкерлерине тартиптик жазаларды колдонот;
- министр тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Кызматтын кызматкерлерине тартиптик жаза колдонуу жөнүндө сунуштарды Министрликке киргизет;
- мамлекеттик органдарда, сотто, башка мекемелерде жана уюмдарда Кызматтын атынан чыгат жана ведомстволук, аймактык бөлүмдөрдү сунуштоого катышат;
- Кызматтын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерин квалификациялык даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
- Кызматтын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүүгө, алардын эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды, ошондой эле Министрлик тарабынан өткөрүлүп берилген функцияларды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Кызматтын директору жок учурда анын милдеттерин орун басарларынын бири аткарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Кызматта техникалык кеңеш түзүлөт, анын курамына 7 адам кирет: Кызматтын директору (техникалык кеңештин төрагасы), Министрликтин өкүлү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн башка кызматкерлери.
Техникалык кеңештин мүчөлөрүнүн жеке курамы Кызматтын директорунун сунушу боюнча министр тарабынан бекитилет. Техникалык кеңеш жөнүндө жобону министр бекитет. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Эсепке алуу жана отчеттуулук
23. Бухгалтердик, статистикалык эсепке алуу жана отчеттуулук белгиленген тартипте Кызмат тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кызматтын ишин өзгөртүп түзүү жана токтотуу
24. Кызматты кайра атоо, кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Кызматтын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- “Жаратылышты коргоо, рекреациялык, илимий, эстетикалык, тарыхый-маданий жана агартуучу маанидеги, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, мамлекеттик токой фондунун, жаратылыш…Регламент · 11.01.2022
- «Мамлекеттик токой питомниктеринде өстүрүлгөн жыгачтарды багып кыюудан, токойду калыбына келтирүүчүү кыюудан, санитардык кыюудан кийин жана тигилүүчү материалдарды сатуу» жөнүндө…Регламент · 11.01.2022 · № 1
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук…Постановление · 06.08.2021 · № 116
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.