# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 208 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 208 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 208
- Кабыл алынган күнү: 11.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158600>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21182/edition/1101780/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158600.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 208 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралу" токтому (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158600

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 11-октябры № 208 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасындагы функциялык жана түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-апрелиндеги № 215 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин жактыруу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын: «4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик жер жана суу инспекциясы.».

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-майындагы № 1618-VI «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмектерин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине пландагы жана пландан тышкары текшерүү, контролдук текшерүү жана кайра текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмегине өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри ушул токтомдун 3-пунктунда аталган маселе каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.

Төрага

У.А. Марипов
