# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182 "Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин ишинин маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182 "Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин ишинин маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 182
- Кабыл алынган күнү: 24.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158597>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21179/edition/1110441/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158597.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 182 "Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин ишинин маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158597

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 24-сентябры № 182 Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин ишинин маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык) Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жободо:

- 3.2-пунктунун алтынчы абзацындагы "аккредитациялоо жана сертификациялоо чөйрөлөрүндө" деген сөздөр "аккредитациялоо жаатынан тышкары, шайкештикти баалоо жаатында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4.2. Аккредитациялоонун улуттук системасында сертификациялоо боюнча органдар, шайкештикти милдеттүү баалоо чөйрөсүндөгү сыноо лабораториялары жана инспекциялоочу органдар милдеттүү түрдө аккредитацияланууга тийиш.";

- 4.8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4.8. АУО аккредитациялоо боюнча орган, аккредитациялоо процесси, шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдар, аккредитациялоонун эрежелери жана жол-жоболору, аккредитациялоонун жыйынтыктарын таануу жана анын ишинин ар жылдык отчету жөнүндө маалыматтарды Борбордун расмий сайтында же жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же башка мамлекеттик маалыматтык ресурстарда жарыялоого жана зарыл болгон учурларда жаңыртып турууга милдеттүү.";

- 4.9-пунктунун экинчи абзацы "эксперттерге карата талаптарды" деген сөздөрдөн кийин "кеңейтүү же" деген сөздөр менен толукталсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш жөнүндө жободо:

- II бөлүмүнүн алтынчы абзацы "Экономика" деген сөздөн кийин "жана финансы" деген сөздөр менен толукталсын;

- III бөлүмүндө:

төртүнчү абзацы "Экономика" деген сөздөн кийин "жана финансы" деген сөздөр менен толукталсын; алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Аккредитациялоо боюнча кеңештин курамы техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет."; онунчу абзацы "кеңештин ишмердигине жетекчилик кылат" деген сөздөрдөн кийин "Кеңешти чакырат жана" деген сөздөр менен, "кеңештин төрагасы" деген сөздөрдөн кийин "же төрагасынын орун басары" деген сөздөр менен толукталсын; он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кеңеш анын ишинин, түзүлүшүнүн тартибин аныктаган Регламентти бекитет жана Кеңештин жооптуу катчысын шайлайт.".

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 425-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-октябрындагы № 102 (3281) жарыяланды

Төрага

У.А. Марипов
