Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин ишинин маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 24-сентябры № 182 Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин ишинин маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтомунун редакциясына ылайык) Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жободо:
- 3.2-пунктунун алтынчы абзацындагы "аккредитациялоо жана сертификациялоо чөйрөлөрүндө" деген сөздөр "аккредитациялоо жаатынан тышкары, шайкештикти баалоо жаатында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.2. Аккредитациялоонун улуттук системасында сертификациялоо боюнча органдар, шайкештикти милдеттүү баалоо чөйрөсүндөгү сыноо лабораториялары жана инспекциялоочу органдар милдеттүү түрдө аккредитацияланууга тийиш.";
- 4.8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4.8. АУО аккредитациялоо боюнча орган, аккредитациялоо процесси, шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдар, аккредитациялоонун эрежелери жана жол-жоболору, аккредитациялоонун жыйынтыктарын таануу жана анын ишинин ар жылдык отчету жөнүндө маалыматтарды Борбордун расмий сайтында же жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же башка мамлекеттик маалыматтык ресурстарда жарыялоого жана зарыл болгон учурларда жаңыртып турууга милдеттүү.";
- 4.9-пунктунун экинчи абзацы "эксперттерге карата талаптарды" деген сөздөрдөн кийин "кеңейтүү же" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш жөнүндө жободо:
- II бөлүмүнүн алтынчы абзацы "Экономика" деген сөздөн кийин "жана финансы" деген сөздөр менен толукталсын;
- III бөлүмүндө:
төртүнчү абзацы "Экономика" деген сөздөн кийин "жана финансы" деген сөздөр менен толукталсын; алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Аккредитациялоо боюнча кеңештин курамы техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет."; онунчу абзацы "кеңештин ишмердигине жетекчилик кылат" деген сөздөрдөн кийин "Кеңешти чакырат жана" деген сөздөр менен, "кеңештин төрагасы" деген сөздөрдөн кийин "же төрагасынын орун басары" деген сөздөр менен толукталсын; он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кеңеш анын ишинин, түзүлүшүнүн тартибин аныктаган Регламентти бекитет жана Кеңештин жооптуу катчысын шайлайт.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 425-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-октябрындагы № 102 (3281) жарыяланды
Төрага
У.А. Марипов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (6)
- "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору жөнүндө "жобосу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги №…Постановление · 01.04.2021 · № 128
- Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 токтому менен бекитилген)Положение · 16.11.2006 · № 795
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 250
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна)Положение · 10.03.2021 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 425-б (Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешин бекитүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 15.11.2019 · № 425-р · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №250 токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 250
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештик баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуПостановление · 16.11.2006 · № 795
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 250
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 425-б (Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешин бекитүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 15.11.2019 · № 425-р · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы Улуттук аккредитация системасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 токтому менен бекитилген)Положение · 16.11.2006 · № 795
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 10.03.2021 · № 85 · Күчүн жоготкон