# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30 мартындагы № 195 "“Евразиалык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин Жалпы камсыздандыруу рыногун түзүү жөнүндө 2009-жылы 27-ноябрда Минск шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30 мартындагы № 195 "“Евразиалык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин Жалпы камсыздандыруу рыногун түзүү жөнүндө 2009-жылы 27-ноябрда Минск шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158592>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21175/edition/1090232/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158592.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30 мартындагы № 195 "“Евразиалык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин Жалпы камсыздандыруу рыногун түзүү жөнүндө 2009-жылы 27-ноябрда Минск шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (30.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158592

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 30 марты № 195 “Евразиалык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин Жалпы камсыздандыруу рыногун түзүү жөнүндө 2009-жылы 27-ноябрда Минск шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык, мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. “Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жалпы камсыздандыруу рыногун түзүү жөнүндө 2009-жылы 27-ноябрда Минск шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министр

Д.Үсөнов

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫнын долбоору жөнүндө Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин Жалпы камсыздандыруу рыногун түзүү жөнүндө 2009-жылы 27-ноябрда Минск шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу 1 -берене Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жалпы камсыздандыруу рыногун түзүү жөнүндө 2009-жылы 27-ноябрда Минск шаарында кол коюлган протокол ратификациялансын. 2-берене Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги Евразиялык экономикалык биримдиктин Интеграциялык комитетине Кыргыз Республикасы аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарганы жөнүндө билдирсин. 3-берене Бул Мыйзам расмий жарыяланган учурда тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
